2025-жылдын 27-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Орусиянын Патрис Лумумба атындагы Элдердин достугу университетинде өткөн “Көп полярдуу дүйнөдө эл аралык билим берүү” аттуу II Эл аралык билим берүү форумуна катышты.
Форумдун максаты – эл аралык билим берүүдөгү заманбап стратегияларды жана тажрыйбаларды талкуулоо жана ар кайсы өлкөлөрдүн университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө.
Догдурбек Чонтоев жетектеген КУУнун делегациясы орусиялык жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуунун келечегин талкуулайт.
Форум 26-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат жана ага университеттердин, билим берүү жана маданий уюмдардын өкүлдөрү катышат.
(C) Доорон Кубатбеков – КУУнун аппарат жетекчиси