2025-жылдын 24-ноябрында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев «Миру-Мир» студенттердин эл аралык кинофестивалынын калыстар тобунун мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушууда маданий байланыштарды кеңейтүү, эл аралык кинофестивалдын маанилүүлүгү, университет аралык диалогду ар тараптуу өнүктүрүү тууралуу сөз болду.

Ректор өзгөчө белгилүү театр жана кино актеру Игорь Петренконун Кыргызстанга келиши чоң сыймык экенин, чыгармачылыгын баалай турганын баса белгиледи жана келген конокторго фестивалдын жүрүшүндөгү маанилүү иштерине ийгилик каалады.

Жолугушуунун соңунда эл аралык достукту жана кызматташууну чыңдоого, университеттин коомдук-маданий турмушунун өнүгүшүнө кошкон салымы жана «Россия» медиаборборун түзүүдөгү демөөрчүлүк жардамы үчүн «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен:

  • Петренко Игорь Петрович – Россиянын театр жана кино актеру;
  • Симонян Михаил – скрипач, дирижер, эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү;
  • Измайлов Александр Борисович – Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутатынын жардамчысы;
  • Исаев Евгений Вячаславович- Россия Федерациясынын «Звезда» телекомпаниясынын  продюсери сыйланышты.

Ал эми калган өкүлдөргө китептер  белекке берилди.

Добавить комментарий