2025-жылдын 11-ноябрында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Улуттук университеттин Манас проспектиси -70 дарегинде жайгашкан мурдагы №4 жатаканасынын ордуна салынып жаткан 16 кабаттуу заманбап имараттын учурдагы курулуш иштери менен таанышты.

Азыркы тапта курулуш 9-кабатка көтөрүлүп, жумуш кызуу жүрүүдө. Ректор имаратты куруп жаткан “Бай Таш” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, учурдагы жана мындан аркы жасалуучу иштер тууралуу пикир алмашты. 

Белгилей кетсек, имаратта студенттер үчүн жатакана, музей, 200 орундуу китепкана, 600 орундуу амфитеатр жана жыйын залы, 60 орундуу галерея тибиндеги оранжерея, бала бакча жана башка обьектилер жайгашаары белгиленген.

Добавить комментарий