2025-жылдын 11-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Улуттук илимдер академиясы тарабынан Илим күнүнө карата уюштурулган «Билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоодогу илимдин ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Жыйында Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры Миталип Мамытов, ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Баш катчысы Султан Раев сөз сүйлөштү.
Панелдик сессиянын жүрүшүндө Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри илим тармагындагы иштелип чыккан долбоорлор менен тааныштырды. Мында бир катар жогорку окуу жайлар менен биргеликте аткарылуучу келечектүү программалар бар.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алгач КУУнун түзүмү, андагы эл аралык борборлор, диссертациялык кеңештердин, докторантурага тапшыргандардын жана Scopus маалыматтар базасына киргизилген макалалардын өсүү динамикасы жана Улуттук университеттин улуттук жана эл аралык рейтингдерге катышуусу тууралуу маалымат берип, андан соң панелдик сессиядагы негизги тема болгон археологиялык изилдөөлөрдөгү ачылыштарга токтолду. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы №412 «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча мамлекеттик колдоо жөнүндө» жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 «2023–2027-жылдарга карата тарыхый-маданий мурастарды сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун окутуучу-профессорлору менен студенттери Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылындагы орто кылымдардагы «Төрткүл» (Кочкор-Башы) шаар калдыгында археологиялык илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда изилдөө жана казуу иштери дагы да уланууда.
Илимий конференциянын алкагында жогорку окуу жайлардагы илимий жетишкендиктер көргөзмөсү уюштурулуп, Улуттук университеттин өкүлдөрү “100 жылдыкка – 100 китеп” долбоорунун алкагында чыгарылган китептерди жана Физика жана электроника факультети менен Компьютердик технологиялар жана жасалма инттеллект институтунда аткарылып жаткан илимий иштердин жыйынтыгын көрсөтүштү.
