2025-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап талаптарга жооп берген “Жаштык” спорт аренасынын ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы аренадагы жаңы инфраструктура, машыгуу залдары жана шарттар менен таанышып чыкты.

Ачылыш аземинин алкагында өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” улуттук жаштар форумунда жаштар өз идеялары жана өлкөнүн келечеги тууралуу көз караштары менен бөлүшүштү.

Жаштар күнүнө карата бир катар активдүү жаштар сыйлыктар менен ардакталды:

  • Доорон Кубатбек уулу – Кыргыз улуттук университетинин ректоратынын аппарат жетекчиси жана Ынтымак Касымакунов – КУУнун жаштар саясаты жана спорт департаментинин директору,

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Жаштар саясатынын отличниги” төш белгиси менен сыйланышты.

  • Адилет Дүйшөнакун уулу – КУУнун жаштар саясаты жана спорт департаментинин сектор башчысы.

Бишкек шаарынын мэринин Ардак грамотасына татыктуу болду.

Бул сыйлыктар жаштардын өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымын жана жигердүү эмгегин тастыктады.

Добавить комментарий