2025-жылдын 10-ноябрында Бүткүл дүйнөлүк Илим күнүнө жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата “Түрк дүйнөсү жана Жусуп Баласагын” аттуу Эл аралык II форум болуп өттү.

Иш-чаранын максаты — улуу ойчул Жусуп Баласагындын руханий мурасын түрк элдеринин орток баалуулугу катары даңазалоо жана түрк дүйнөсүндөгү маданий, илимий байланыштарды чыңдоо.

Форумду Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору, псх.илим.докт., профессор Камчыбек уулу Мырзабек ачты.

Иш-чаранын куттуктоо бөлүгүндө Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык TURKSOY уюмунун башкы катчысы Султан Раев сөз сүйлөп, Жусуп Баласагындын Түрк дүйнөсүндөгү орду жана келечектеги ролуна токтолду жана “Бурана Баласагын этно шаары” тарыхый-архитектуралык музей комплексинин долбоору тууралуу кеңири маалымат менен бөлүшүп, видео тасма аркылуу аталган комплекстин өзгөчөлүгүн тааныштырып өттү. Султан Раев о.э. Кыргызстандын аймагында Махмуд Кашгариге арналган этно-комплекстин долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Муну менен бирге университеттин профессору А.Алымкуловго Түрксойдун медалын, КФФ деканы Б.Жайлообаев, проф. К.Жамангулова, А. Акынбекова, Ф.Курамаева, Б.Элебесова, УИАнын проф. Г.Жунушалиевага ыраазычылык каттарын тапшырды.

Кийинки куттуктоо сөзү Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору, п.и.д., УИАнын корр.-мүчөсү Эсенбек Мамбетакуновго берилди.

Андан кийин видео куттуктоолорго кезек берилип, Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын Философия жана социология институтунун философия бөлүмүнүн башчысы, доцент Фаик Элекберли; Өзбекстан Илимдер Академиясынын өзбек тили, адабияты жана фольклору институтунун адабият теориясы жана адабий байланыштар бөлүмүнүн башчысы  Тухлиев Бокижон; Туркия Республикасынын Дижле университетинен Абдулмукаддес Кутлу сүйлөштү.

Форумдун пленардык жана секциялык бөлүктөрүндө белгилүү окумуштуулар жана адистер Жусуп Баласагындын мурасы, анын “Кут алчу билим” чыгармасынын түрк дүйнөсүндөгү орду тууралуу баяндамаларды жасашты.

Иш-чарага Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн белгилүү окумуштуулары, профессорлор, жаш изилдөөчүлөр катышышты. Форумдун иши төрт секция боюнча уюштурулуп, төмөнкү негизги темалар талкууланды:

  • Жусуп Баласагындын “Кут алчу билими” жана түрк тилдүү өлкөлөрдөгү мамлекеттик тилдин абалы;
  • “Кут алчу билим” чыгармасынын дүйнөлүк адабияттагы орду;
  • Жусуп Баласагындын социалдык-философиялык концепциялары;
  • “Кут алчу билим” чыгармасынын түрк тилдериндеги котормолору.

Форумда илимий баяндамалардын негизинде төмөнкү жыйынтыктар жана сунуштар белгиленди:

  • Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” чыгармасы түрк элдеринин руханий мурасынын алтын түркүгү катары бааланды;
  • Чыгармадагы билим, акыл, адилеттүүлүк жана адеп сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктар бүгүнкү күндө да актуалдуу экени белгиленди;
  • Форум катышуучулары чыгарманын түрк дүйнөсүндө кеңири изилденишин, жаңы котормолорунун жарык көрүшүн жана билим берүү системасында активдүү колдонулушун колдошту;
  • Жусуп Баласагындын идеяларын заманбап илим – айрыкча социалдык экология, философия жана мамлекеттик башкаруу багыттарында изилдөө зарылчылыгы айтылды;
  • Форумдун катышуучулары түрк элдеринин ортосундагы маданий жана илимий кызматташтыкты тереңдетүү максатында Эл аралык III форумду 2026-жылы Казак Республикасында өткөрүү чечимин колдоого алышты.

Форумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган резолюция түрк элдеринин руханий биримдигин чыңдоого, Жусуп Баласагындын мурасын дүйнөлүк деңгээлде даңазалоого багытталды.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар берилип, форумдун резолюциясы кабыл алынды.

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент

Добавить комментарий