2023-жылдын 18-октябрь күнү Улутттук университетке Азербайжандык публицист, тарыхчы, саясат таануучу, теолог Теймур Октай оглы Атаев жана Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи, профессор Кайрат Осмоналиев келди.

Ректор Төлөбек Абдырахманов менен болгон жолугушууда Теймур Атаевдин «Ч.Айтматов жана азыркы заман. Адамзаттын умүттөрү жана келечеги жөнүндө» аттуу китеби жана Кыргыз улуттук университети менен Азербайжан Республикасынын университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Андан кийин, башкы имараттагы кичи жыйындар залында Теймур Октай оглы Атаевдин аты аталган китебинин бетачары болду.

Иш чара Алайбек Шамшиев жетектеген кадрларды кайра даярдоо жана кесибин жогорулатуу институту тарабынан уюштурулду.

Добавить комментарий