Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Педагогикалык билим берүү «Мугалим/педагог» программасынын алкагында кошумча кесиптик билим берүү боюнча 9 айлык курсту ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө алгачкы жолу КУУнун өздүк үлгүдөгү диплому тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чарага КУУнун жетекчилиги, окутуучулар жана бүтүрүүчүлөр катышып, студенттердин билимге болгон умтулуусу жана эмгеги жогору бааланды.
Курс Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда ишке ашырылып келет. Ал мугалимдин билим берүү тармагындагы компетенттүүлүгүн жогорулатууну каалагандар үчүн иштелип чыккан. Программанын өзгөчөлүгү – анын практикалык багытын, окутуунун заманбап ыкмаларын, психологиялык-педагогикалык даярдыкка кылдат көңүл бурууну, билим берүү системасынын реалдуу муктаждыктарына көңүл бурууну камтыйт.
КУУнун өздүк үлгүдөгү дипломуна ээ болгон бүтүрүүчүлөр билим берүү мекемелеринде эмгектенүүгө толук укук алышты. Бул алар үчүн жаңы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кесиптик өсүүгө шарт түзөт.
(С) Салима Базарканова – Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана инклюзивдик билим берүү борборунун башкы адиси








