2025-жылдын 25-сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин География, экология жана туризм факультети Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Жыйынга КУУнун ректору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев, аталган факультеттин деканы Рыскүл Токторова баш болгон окутуучулар, о.э. туристтик агенттиктерден, “Шератон” мейманканасынан келген өкүлдөр жана студенттер катышышты.  

Ректор География, экология жана туризм факультетинин окутуучулары менен студенттерин кесиптик майрамы менен куттуктап, туризм приоритеттүү тармактардын бири гана болбостон, өлкөнүн экономикасына салым кошуучу багыт экендигин баса белгиледи. Догдурбек Чонтоев андан ары Кыргызстандын уникалдуу жерлери, суулары тууралуу баяндап, студенттерге келечекте жумуш жагынан талап өсөөрүн, ал үчүн дипломдуу, билимдүү адис болуп чыгууга чакырды.   

Иш-чаранын алкагында факультеттин кыскача тарыхы, туризмдин артыкчылыктары, анын ичинде  факультет студенттеринин Кыргызстандын жети дубанындагы белгилүү жерлерге болгон сапарлары тууралуу тасмалар көрсөтүлдү.  2-3-курстун студенттери окуу-талаа практикасынан алган таасирлери жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Атай кетсек, КУУда практиканы чет өлкөлөрдөн өтүүгө шарттар түзүлгөн. Алардын катарында Түркия Республикасы бар. 

Келген коноктор  мейманканалар, эмгек келишимдери, ишмердүүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин таланттуу студенттери ырдап, бийлеп – өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү 1979-жылы Дүйнөлүк туризм уюмунун 17-Башкы  Ассамблеясы тарабынан негизделген.

Добавить комментарий