Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн макулдашуунун алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту 2025-жылдын 15-сентябрынан 20-сентябрына чейин КУУнун студенттерине «Окуу-тарбия иштеринде түрк элдеринин этнопедагогикалык потенциалын пайдалануу», «Чыңгыз Айтматов жана Мустай Каримдин адабий мурастарындагы нравалык багыттар жана салттуу баалуулуктар» темалары боюнча жалпы 72 саат көлөмүндөгү квалификацияны жогорулатуу курсун уюштурду.

Курстун сабактарын М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин (БМПУ) башкыр фольклору илимий изилдөө борборунун жетекчиси Наркас Ахметовна Хуббитдинова, аталган борбордун башкы илимий кызматкери Розалия Асфандияровна Султангареева жана БМПУнун түрк жана чыгыш филологиясы кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Айтуган Юмабаевич Куланчин өтүштү.

Курска И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институттун, Тарых жана чөлкөм таануу институтунун жана Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери катышты. Аларга сертификаттар тапшырылды. БМПУнун кызматкерлери о.э. Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун “Педагогика” жана “Психология” тездетилген билим берүү программаларын студенттерине атайын конок лекция өтүштү.

Курстун тренелери КУУнун биринчи проректору-окуу иштери боюнча проректору Алайбек Шамшиевдин кабыл алуусунда болуп, жылуу пикир алышышышты жана ар тараптуу кызматташуу уланарын белгилешти.

Белгилей кетүүчү жагдай, М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети Россия Федерациясындагы кыргыз тили окутулган жалгыз университет. Бул университетте кыргыз элинин улуу “Манас” эпосунун жана башкыр элинин “Урал баатыр” дастанынын урматына “Манас -Урал” кабинети иштейт.

(С) Адилет Самсалиев – Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунунквалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий