2025-жылдын 17-сентябрында биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев ТҮРКСОЙ эл аралык маданий кызматташтык уюмунун баш катчысынын орун басары Сайит Юсуф мырза жана Кыргыз Республикасынын аталган уюмдагы өкүлү Мар Топоев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылдын октябрь айында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында өткөрүлүүчү “Келечек сенсиң” аталышындагы Түрк жаштарынын 2-дүйнөлүк форумуна даярдыктар талкууланды.
Сайит Юсуф мырза бул жаштар форуму жогорку деңгээлде уюштурулуп, түрк дүйнөсүнө таанылууга тийиш экенин баса белгиледи.
Алайбек Шамшиев 100 жылдык мааракеге утурлай өткөрүлүп жаткан иш-чара эл аралык масштабдуу форумдун бирөөсү болоорун айтып, ал үчүн Улуттук университет чоң аянтчага айланарын билдирди.
Жолугушууда дагы бир топ маселелер жеринен талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Белгилей кетсек, “Келечек сенсиң” аталышындагы Түрк жаштарынын 2-дүйнөлүк форумуна Түркия өлкөсүнөн келген белгилүү инсандардын мотивациялык дарстары, презентациялар, маданий иш-чаралар, өз ара пикир алышуу ж.б.у.с. иш-чаралар камтылган.



