Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк 2025-жылдын 9-12-сентябрь күндөрү “Москва энергетика институту” улуттук изилдөө университетинде гуманитардык багыт боюнча билим берүү программаларын аккредитациядан өткөрүү боюнча тышкы эксперттик комиссиясынын төрайымы болууда.
95 жылдык бай тарыхы бар, техникалык профилдеги бул окуу жай гуманитардык багыттагы билим берүү программалары заман талабына шайкеш келип, Орусиянын энерготармагына жогорку деңгээлдеги улуттук кадрларды даярдап келген ЖОЖ. Баса белгилей кетчү жагдай, Кыргызстандын экономикасына жана энерготармагына кошкон салымы үчүн аталган окуу жай Кыргыз Республикасынын бийик даражалуу сыйлыгы “Даңк” медалы менен сыйланганын чоң сыймыктануу менен белгилешти.
Бул тармакты түшүнгөн, техникалык терминдерди чет тилдерге сапаттуу которгон котормочу лингвисттер, жарнама жана коомчулук менен байланыш жаатында алгылыктуу иш чараларды жүргүзгөн кесипкөйлөрдү, энергетика тармагындагы дизайн менен алектенген адистерди даярдоо, учурдун урунттуу багыты экени талашсыз.
Аталган окуу жайда гуманитардык багыттагы билим алып жаткан студенттерге аскердик даярдык борборунда 4 жыл аскердик даярдыктан өтүүгө толук кандуу шарттар түзүлгөн жана аскер техника паркы суктандырат. Ушундай абройлуу ЖОЖдо, тышкы эксперттик комиссиянын мүчөсү болуу, төрагалык кылуу Жусуп Баласагын атындагы КУУнун аброюн көтөрүүгө салым кошуу экени талашсыз.
(С) Калчаева Лира – ага окутуучу





