2025-жылдын 26-август күнү КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Корея менен Түркиянын жогорку окуу жайларына күзгү семестрге окууга кетип жаткан Улуттук университеттин студенттерин кабыл алып, каалоо-тилектерин айтты жана ак жол каалады..
– Улуттук университеттин 30 миң студентинин ичинен тандалып, сынактан өтүп, Корея менен Түркияга окууга бара жатканыңыздар – сиздер үчүн сыймык болуш керек, – деп сөзүн баштады ректор. – Бул эки мамлекет дүйнөлүк илим жана билим берүү системасында бир топ алдыга кеткен мамлекеттер. Ошол жактын жакшы нерселерин көрүп, үйрөнүп, жакшы билим алып келиңиздер. Кийин курсташтарга, группалаштарга – биздин студенттерге айтып бересиздер. Чет өлкөдө өзүңүздөрдү позитивдүү, тартиптүү алып жүрүп, жакшы жагынан көрсөтсөңүздөр. Анткени, сиздерди окуткан мугалимдерде ошого жараша биздин Улуттук университет жөнүндө, Кыргызстан жөнүндө ой пайда болот. Кыргызстан же Улуттук университет тууралуу негатив айтсаңыздар, сырттан бирөө келип жасап же оңдоп бербейт. Ал биздин колубузда. Урматтуу студенттер, жетекчи катары сиздерден суранаарым: бөөдө кырсыктан алыс, аман-эсен болуп, бири-бириңиздерге жардам берип, жакшы билим алып келиңиздер. Баарыңыздарга ийгилик, ак жол!, – деди Догдурбек Чонтоев.
Корея менен Түркиянын жогорку окуу жайларына окууга кетип жаткан студенттерге о.э. окуу башкармалыгын башчысы Алмазбек Кыдыралиев менен физика жана электроника факультетинин деканы Самат Токтогонов каалоо-тилектерин айтып, ак жол каалашты. Алмазбек Кыдыралиев о.э. студенттерге өздөрүнүн деканаттары менен байланышты үзбөй, бул жактагы модуль, экзамендерди да өз убагында тапшырып туруу зарылдыгын эскертти.
Түркияга окууга кетип жаткан студенттердин тизмеси:
Университет Яшар (Измир шаары)
- Казакбаева Реана – эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети, 2-курс
- Кубанычбекова Назбийке – эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети, 2-курс
- Жедигеров Кутман – эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети, 2-курс.
Университет Хажы Байрам Вели (Анкара шаары)
- Сокучиева Аяна – кыргыз филологиясы факультети, 2-курс
- Турусбекова Акылай – кыргыз филологиясы факультети, 2-курс
Түштүк Кореяга окууга кетип жаткан студенттердин тизмеси:
Чонбук улуттук университети (Чонджу шаары)
- Алтынбек кызы Акылай – чет тилдер институту, 3-курс
- Сайнилова Аяна – чет тилдер институту, 3-курс
- Аманова Каныкей – чет тилдер институту, 3-курс
- Исакова Адинай – чет тилдер институту, 3-курс
- Токтогонов Эмир – физика жана электроника факультети, 3-курс
- Тойматова Айсанем – физика жана электроника факультети, 4-курс
- Абдилабеков Абдинур – компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту, 4-курс
- Бактыбекова Жасмин – математика жана информатика институту, 4-курс.
Ханбат улуттук университети (Тэджон шаары)
- Асанакунова Элзада – эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети, 4-курс.
Университет Пай Чай (Тэджон шаары)
- Шайбекова Айгерим – эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети, 4-курс
Пусан улуттук университети (Пусан шаары)
- Каныбекова Айзада – чет тилдер институту, 4-курс
- Чатаева Салтанат – чет тилдер институту, 4-курс








