2025-жылдын 13-май күнү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университететинде “Кытай тили көпүрөсү” аттуу дүйнөлүк сынактын Кыргызстан боюнча финалдык баскычы болуп өттү. Иш-чара Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен, Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институту тарабынан уюштурулду.

Сынакка Кыргызстандын ар аймагынан келген кичинекей катышуучулар катышып, өздөрүнүн кытай тилин билүү деңгээлин жана кытай маданиятына болгон кызыгуусун көрсөтүштү. Иш-чара үч бөлүктөн турду: кытай тилинде өзүн тааныштыруу, кытай тили боюнча тест жана чыгармачыл талантын көрсөтүү.

Баш байгени жеңип алган катышуучу Кытайда өтө турган дүйнөлүк финалга жолдомо алды. Ошондой эле быйылкы сынакта Instagram аркылуу добуш берүү аркылуу “Интернеттеги эң популярдуу катышуучу” наамы 2 адамга ыйгарылды.

Салтанаттуу иш-чаранын кадырлуу коноктору катары Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Сунь Дапэнг мырза жана Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Токтосартович Чонтоев катышышты.

Калыстар тобу төмөнкү адистерден турду:

  • Ли Го Сюан мырза – Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги
  • Ченг Бо Вэн мырза – Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги
  • Лю Йинг айым – “Жибек жолу” журналынын Кыргызстандагы редакциясы
  • Чжао Чжун Чи мырза – Цзилинь шаарынын Wenhui Bao редакциясы
  • Чжан Хай Цин – Бишкектеги Кытай маданий борборунун директору.

Жыйынтыгында Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун катышуучулары үчүнчү орунду багындырышты. Бул сынак кытай тилине жана маданиятына кызыккан кыргызстандык балдар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп, эки элдин ортосундагы маданий алаканы бекемдөөгө багытталды.

(С) Усенбаева Жылдыз – КУУнун алдындагы Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору

Добавить комментарий