2025-жылдын 24-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) «Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн калыптанышынын башатындагы улуттук интеллигенция» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара КУУнун 100 жылдык мааракесине арналган.
Конференцияда профессор, ректор Догдурбек Чонтоев университеттин тарыхый ордун баса белгилеп, анын негизделишине байланыштуу архивдик документтер чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Ташкенттен алынып келингенин маалымдады. Ал КУУ өлкөдөгү алгачкы жогорку окуу жайы экенин жана анын 100 жылдык тарыхында 200 миңден ашуун бүтүрүүчү даярдаганын баса белгиледи.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Баатыры, коомдук жана саясий ишмер Медетхан Шеримкулов университетти «Кыргызстандын Гарварды» деп атап, аны «Манас» ордени менен сыйлоо сунушун билдирди.
Жыйында илимий баяндама менен чыгып сүйлөгөн Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын улуттук университетинин “Өзбекстандын соңку жаңы тарыхы” кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Камола Саипова Киринпросто окуган кыргыз студенттеринин 400дөн ашуун өздүк жана жалпы документтерин көрсөтүп, алардын негизинде Кыргыз улуттук университети – Кыргызстанда ачылган алгачкы жогорку окуу жайы экендигин жана аталган окуу жайга 100 жыл толгондугун тастыктап берди.
Конференцияга Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген окумуштуулар катышып, тарыхый документтерге негизделген баяндамалар жасалды. Иш-чаранын жыйынтыгында КУУнун билим берүү жана илим тармагындагы салымы жогору бааланып, анын 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленээри белгиленди.
Протокол заседания коллегии Областного отдела просвещения ККАО
Профессор Камола Саипованын баяндамасы



