Бишкек мэриясынын 2025-жылдын 11-мартындагы №01-10/681 катынын негизинде чыгарылган КУУнун административдик чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахуновдун буйрутмасын аткаруу максатында 2025-жылдын 5-апрель күнү Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен кызматкерлери ишембиликке чыгышып, институттардын, факультеттердин, колледждердин студенттери түзүм жетекчилери менен биргеликте, ал эми жатаканда жашаган студенттер коменданттар менен чогуу өздөрүнө бекитилген тилкелерде тазалоо иштерин жүргүзүштү жана ал жердеги арыктарды тазалап, бак-дарактарды акташты.
Ал эми башкы имараттын коменданты Жанарбек Жороев баштаган чарба бөлүмүнүн кызматкерлери университеттин алддындагы аянтчага орнотулган Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын каармандарына орнотулган эстеликтердин баарын жууп-тазалашса, кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун студенттери менен окутуучулары №7-окуу имаратынын алдына орнотулган скамейкалар менен чатырларды сырдашты.
Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди жабдуулар менен камсыз кылышты.










