Кыргыз Республикасындагы мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө жана жакшыртууга кошкон олуттуу салымдары үчүн Ж.Баласагын атындагы КУУнун бир катар окумуштуулары Жогорку Кеңештин “Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы менен сыйланышты.
Сыйлык ээлеринин катарын төмөнкүлөр толуктады:
- Токтобаев Болот Токтомышевич – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун Мамлекет менен укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор;
- Базарбаев Эрлан Базарбаевич – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун Административдик, финансылык жана маалыматтык укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор;
- Аманалиев Урмат Олжобекович – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун Административдик, финансылык жана маалыматтык укук кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору;
- Джумалиев Данияр Сардарбекович – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин директору, юридика илимдеринин доктору;
- Рахманов Асылбек Рахманович – Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык колледжинин окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты.
Сыйлык тапшырып жатып Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков окумуштууларга бекем ден соолук, илимий ачылыштарды жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Эл өкүлү куттуктоо сөзүндө: “Сиздер жасап жаткан иштер өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү жана зарыл. Андыктан, мындан ары да талыкпастан эмгектене бериңиздер”, – деп белгиледи.
(С) Асылбек Рахманов – юридикалык колледждин окутуучусу








