2025-жылдын 4-март күнү саат 10дон 11ге чейин Улуттук университеттин 6-окуу имаратында өрт өчүрүү жана өрттүн алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана мэрия менен макулдашылган пландын негизинде жарандык коргонуу боюнча машыгуу болуп өттү.
Иш чарага КУУнун жарандык коргонуу жана атайын мобилизация боюнча сектору, математика жана информатика, физика жана электроника, география, экология жана туризм, химия жана химиялык технология факультеттеринин, И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо, тарых жана чөлкөм таануу, кыргыз-кытай институттарынын студенттери менен кызматкерлери, о.э. жарандык топтордун, кошундардын өздүк курамы менен командирлери катышты.
Машыгуунун жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери мурдатан иштеп чыгылган пландын негизинде студенттер менен кызматкерлерге имараттан чыгарууга жардам берип, “Билим берүү мекемелериндеги өрттү өчүрүү” боюнча көндүмдөрү менен жөндөмдөрүн көрсөтүштү жана өрт өчүргүч машиналар, ар түрдүү жабдыктардын жардамы менен “6-окуу имаратындагы өрттү өчүрүп, жабыркоочуларды алып чыгышты”.
Машыгуунун жүрүшү менен КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев жеринен таанышты.