Жыл айланып кайра жаз келип, узак кыштын күндөрүнөн кийин көктөмдү коштогон кыз-келиндерибиздин Март майрамы босогобузга баш багып калды.

Ары сулуу, ары акылдуу, ары мээримдүү аялзатынын эл аралык майрамы жаз айынын башына туш келгени символикалуу көрүнүш. Анткени, аялзаты үй-бүлөнүн, коомдун, керек болсо жашоонун тиреги экендигин эч ким тана албайт. Сиздер бар үчүн үй-бүлөдө мээримдүүлүк, коомчулукта бейпилдик, жер үстүндө гүлдөр жайнап, адамзаттын жашоосу уланып турат.

Илим-билимге баш оту менен кирип, өлкөбүзгө керектүү адистерди даярдоо кызматын аркалап жаткан педагог эже-карындаштарыбыздын эмгектери жана өздөрүн 21-кылымдын кадрлары болууга жеткиликтүү даярдап жатышкан студент кыздарыбыздын аракеттери Университетибиздин кадыр-баркын көтөрүүдө баа жеткис.

Кымбаттуу айымдар!

Мен сиздердин Каныкей, Курманжан датка энелерибиздей эрктүү, кайраттуу,  акылман жана ыймандуу болушуңуздарга тилектеш болуу менен ар бириңиздерге чың ден-соолук, ишиңиздерге албан ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бейпилдик каалайм!

Майрамыңыздар кут болсун! Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин. Баарыңыздарга узак өмүр, жаркын маанай, үй-бүлөлук бакубатчылыкты жана амандыкты  каалайм! Майрамдык маанайыңыздарды ынтымак, ырыс, береке, байлык коштоп, жаз деминин жарык күнү жергебизге керемет нурун чачып турсун!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

Сиздерди тереӊ урматтоо менен,
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору,
профессор Догдурбек Чонтоев

Добавить комментарий