2023-жылдын 23-сентябрында №10 окуу имаратында жайгашкан Юридикалык институттун жыйындар залында “IT Кыргызстандагы мыкты мыйамдар үчүн” деп аталган DT4CE Хакатондун ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чараны инновациялар, санариптештирүү жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Ирина Дмитриенко алып барды. Ал Кыргыз улуттук университети эл аралык Transparency International – Кыргызстан уюму тарабынан уюштурулган Хакатондун өнөктөшү экендигин кабарлап, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жаңы санариптик чечимдерди сунуштоого мүмкүнчүлүк берген креативдүү идеяларды иштеп чыгуу платформасы катары Улуттук университетти тандагандыгы үчүн TI уюмуна ыраазычылык билдирди жана сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди.

Ректор программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча сынактын катышуучулары үчүн сөз эмес, иш маанилүү экенин белгилеп, мындай деди:

Биринчиден, мен абройлуу жана кадыр-барктуу эл аралык Transparency International уюмуна ыраазычылык билдиргим келет. Анткени, мен аларды көптөн бери билем жана сыйлайм, алардын материалдарын көп колдоном, алар абдан пайдалуу. Ректораттын атынан ыраазычылык сөздөрүн о.э. бул иш-чаранын уюштуруучуларына айткым келет.

Экинчиден, баарыңарды Хакатонго катышуу мүмкүнчүлүгүн алышыңар менен куттуктайм. Келечекте ал популярдуу, кызыктуу жана кеңири жайылган көрүнүшкө айланат деп ишенем. Биздин университет башка темалар боюнча да Хакатон өткөрүү үчүн өнөктөштөрдү издейт. Бул силер үчүн өзгөчө маанилүү. Мен кээ бир балдардын Хакатон деген эмне экенин билбегенине таң калам. Андайлар бар. Бирок силердей болгон алдыӊкы, максаттуу, чыгармачыл балдар да бар.

Бул жерде мамлекетибизге пайда алып келе турган жакшы идеялар, сунуштар айтылат деп ишенем. Кайсы теманы тандап алганыңарды жана кайсы маселенин үстүндө иштей турганыңарды билбейм, бирок мен кээ бир командалар менен айрым катышуучулардын өлкөбүздүн алдыңкы 5 университетине өзгөчө макам берилиши сыяктуу маселеге көңүл бурушун каалайт элем. Бул боюнча ой-пикир, сунушңарды бересиңер деп ойлойм.

Мен силерден өз ата-энесин, өз Мекенин даңазалаган мыкты программист, мыкты балдар чыгаарына ишенем. Өзүңөр үчүн, университетибиз үчүн, коомубуз жана мамлекетибиз үчүн жакшы оюн өтүшүн каалап, жакшы жыйынтыктарды каалайм. Ишиңерге ийгилик. Силер менен дагы жолугабыз деп ойлойм. Көңүл бурганыңар үчүн рахмат.”

Эл аралык Transparency International – Kyrgyzstan эл аралык уюмунун аткаруучу директору Айгүл Акматжанова иш-чараны өткөрүү үчүн аянтча жана мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн ректор Төлөбек Абдырахманов жетектеген Кыргыз улуттук университетине ыраазычылык билдирди.


III Хакатонду өткөрүү үчүн Улуттук университетти тандаганыбыз кокусунан болгон жок, – деди ал. Анткени биздин бул Хакатон Кыргызстанда мыйзам чыгаруу демилгелерин илгерилетүү боюнча мыйзам чыгаруу демилгелерине арналган. Өз сунуштарын бергиси келген, ар кандай чөйрөлөрдө мыйзамдарды өркүндөтүүнү каалаган адамдар биздин платформабызды пайдалана алышат. Анын идеяларын бүгүн силер иштеп чыгасыңар. Сынактын байге фонду 160 миң сомду түзөт. Бул жерден керектүү тажрыйбага ээ болуп, командада иштегенди үйрөнөсүңөр.

Андан ары Айгүл Акматжанова сынактын катышуучуларын Хакатонду өткөрүүнүн эрежелери жана тартиби менен тааныштырды.

Калыстар тобунун мүчөлөрү Акылбек Айдаралиев (төра), Нурлан Саитов жана Владислав Хорев командалар иштеп чыга турган долбоорлорго коюлган талаптарга токтолушту.

Салтанаттан кийин Хакатондун катышуучулары сынактын тапшырмаларын аткарууга киришти.

Эске сала кетсек, Хакатонго 45 команда жана командасы жок 66 адам катталган.

Добавить комментарий