2024-жылдын 11-ноябрь күнү өлкөбүздөгү илим күнүнө карата интернет технологиялар жана башкаруу окуу программасынын демилгеси менен педагогикалык колледждин окутуучулары тренер -андрогогдор Жаңыл Нуруева жана Гульзат Исмаилова математика жана информатика институтунун жаш окутуучуларына жана студенттерине « Билим берүү технологияларындагы жасалма интеллекттин психологиялык аспектилери » деген темада 3 саттык дарс өтүштү. Лекция жандуу өтүп,зор кызыгууну жаратты.
Психолог-педагог Гульзат Исмаилованын жасалма интеллекттин психологиялык аспектилери жөнүндө айтымында, психика менен жасалма интеллекттин байланышы , адам менен компьютердин өз ара аракеттенүүсүнүн психологиясы -азыркы замандын талабы . Жасалма интеллектти (AI) колдонгон адамдын когнитивдик психологиялык билими болуп, эс тутум, ой жүгүртүү , мотивация, кабыл алуу -психикалык процесстерден маалыматы болушу зарыл .
Лектор ошондой эле жасалма интеллект менен өз ара аракеттенүүгө адамдын жашы, тажрыйбасы таасир этерин, улгайган адамдар (50+) тажрыйбанын жетишсиздигинен же когнитивдик функцияларды өзгөртүүгө тоскоолдуктар болгондугуна байланыштуу жаңы технологияларга көнүү алар үчүн кыйын болушу мумкун экендиги тууралуу баса белгилеп кетти.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө математик- педагог Жаңыл Нуруеванын билим берүүдөгү AI (жасалма интеллект) мугалимдер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү жөнүндө маалымат берүүсүндө, жасалма интеллектке негизделген технологиялар, Camma-текст, сүрөттөр, анимация жана видео аркылуу презентацияларды тез түзүүгө мүмкүндүк берген веб-тиркеме , Renderforest -видео өндүрүш платформасы , Quizwizard-билим текшерүү үчүн тесттерди оңой түзүүгө жардам берген нейрондук сервис, D-ID-беттин анимациясын жана текстти сүйлөтүүчү веб-тиркеме жөнүндө айтып берди.
Лектор ошондой эле студенттердин илим жаатында ийгиликке жетүү максатында тарыхий рекорд коюп жаткан «Chat GPT» жасалма интеллекти колдонууну сунуштады.
Иш-чаранын жүрүшүндө чогулуштун катышуучуларында көптөгөн суроолор болуп , кызыктуу дискуссияда болду.
Сабак учурунда эмоциялык интеллекттин компоненттери, Гиппократтын типологиясы, Gamma App- нейрондук педагогдор, тармактык маркетологдор, SMM адистери,дизайнерлер жана чакан бизнес менеджерлери үчүн ылайыктуу экендиги жөнүндө бүтүндөй аудиторияга жеткиликтүү түшүнүк бергендиги үчүн иш-чаранын катышуучулары тренер-андрогогдорго ыраазычылыктарын билдиришти.
Жыйындын соңунда ,интернет технологиялар жана башкаруу окуу программасынын жетекчиси, профессор Бактыбай Аблабеков жасалма интеллекти Улуттук университетте мыкты деңгээлде өздөштүрүү максатында жасаган иш-аракеттери үчүн лекторлор Жаңыл Нуруева жана Гульзат Исмаиловаларга ыраазычылык билдирип,аларга мындан аркы педагогикалык жана илимпоздук ишмердүүлүктөрүнө албан-албан ийгиликтерди каалады.
(C) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент




