2026-жылдын 15-октябрында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун ПИ(СПО)-1-26 жана ПИ-(Б)-1-26 тайпаларынын студенттери тарбиялык-агартуу максатында кураторлорунун коштоосунда Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып келишти.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен жакындан тааныштыруу, ошондой эле жаш муундарды улуттук баалуулуктарды урматтоого тарбиялоо.

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер залкар жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылык мурасы жана коомдук ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты. Жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына байланыштуу экспонаттар менен таанышып, анын дүйнөлүк адабияттагы орду жана кыргыз элинин маданиятына кошкон зор салымы тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтишти.

Мындай тарбиялык-агартуу иш-чаралары студенттердин тарыхый эс тутумун калыптандырууга, маданий мураска болгон сый-урматын арттырууга жана мекенчилдик сезимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

(С) Сейдракманов Т.Н. — тарбия иштери боюнча директордун орун басары