2026-жылдын 2-октябрында “Ак-Кеме” мейманканасында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган “Эгемендүүлүк доорундагы Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечек” аттуу илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
Илимий жыйындын негизги максаты – эгемендүүлүк жылдарындагы Бишкек шаарынын калыптануу жана өнүгүү тарыхын илимий жана практикалык өңүттөн талдоо, жетишкендиктер менен актуалдуу көйгөйлөрдү кароо, шаарды өнүктүрүүнүн келечектеги багыттарын талкуулоо жана ушул багытта тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу болду.
Конференцияга Ж.Баласагын атындагы КУУнун Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин доценти Сатыбалдиева Асель Курманбековна жана ага окутуучу Акунова Анара Медетбековна катышышты.
Конференциянын ишине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Алмаз Шананов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Кыргыз Республикасынын мурдагы жетекчилери, илим жана маданият өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар, академиктер, профессорлор, архитекторлор, шаар куруу тармагындагы адистер, муниципалдык органдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев илимий-практикалык конференцияны ачып жатып, борбор калаабыздын өнүгүшү үчүн соңку мезгилде аткарылып жаткан иштер боюнча баяндама жасады, баяндамадан соң атайы тартылган видеотасма көрсөтүлдү.
Баяндамалардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын тарыхый өзгөчөлүгүн сактоо, архитектуралык мурастарды коргоо, шаардык инфраструктураны жаңылоо, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, экологиялык абалды чыңдоо, жашыл аймактарды кеңейтүү, маданий мейкиндикти өнүктүрүү жана шаар башкаруусунда заманбап ыкмаларды колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында конференциянын резолюциясын кабыл алуу жана анда айтылган илимий-практикалык сунуштарды тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жеткирүү каралды.
(С) Сатыбалдиева А.К. — МжМБ факультетинин илим иштер боюнча декандын орун басары