2026-жылдын 3-октябрында КУУнун Эл аралык медицина жана илим институтунун окутуучулары Индиядан келген студенттер үчүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине тааныштыруу экскурсиясын уюштурду.
Иш-чара Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү окуялар менен тааныштырууга, мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандар тууралуу маалымат алууга багытталды. Муну менен бирге студенттер өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Экскурсия чет өлкөлүк студенттердин Кыргызстан жөнүндөгү билимдерин кеңейтүүгө, маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүүгө жана кыргыз элинин тарыхына, улуттук баалуулуктарына урмат-сый мамилесин калыптандырууга багытталды.
Мындай иш-чаралар институттун чет өлкөлүк студенттерди адаптациялоо боюнча жүргүзгөн иштеринин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Алар студенттердин Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана каада-салты менен кеңири таанышуусуна, өлкөнүн коомдук жана маданий чөйрөсүнө жакындан аралашуусуна өбөлгө түзөт.
(С) Б.Кармышева — директордун тарбия иштери боюнча орун басары