2026-жылдын 2-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Окумуштуулар кеңешинин 2026–2027-окуу жылындагы алгачкы отуруму болуп өттү.

Жыйындын күн тартибине Окумуштуулар кеңешинин жана Ректорат кеңешинин 2026–2027-окуу жылына карата иш мерчемдерин бекитүү, КУУнун уюштуруу түзүмүн оптималдаштыруу жана жаңы кесиптик билим берүү программасын ачуу маселелери киргизилди.

Мындан тышкары көп тилдүү маалыматтарды талдоо лабораториясын түзүү, стартап борборлорун жана биргелешкен иш мейкиндиктерин уюштуруу боюнча долбоорлор талкууланды.

Отурумда белгилүү кытай жазуучусу Ван Мэн мырзага кыргыз-кытай мамилелерин чыңдоого, дүйнөлүк адабиятты жана гуманитардык билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Ардактуу профессору» наамын ыйгаруу боюнча чечим кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө о.э. КУУнун окумуштуулары тарабынан даярдалган окуу китептерине Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин грифин берүү жөнүндө маселе каралып, университет 2026-жылдын июнь айында ISO 9001:2015 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык сертификациялык аудиттен ийгиликтүү өтүп, жыйынтыгында сапат менеджментинин системасына шайкештик сертификатына ээ болгону кабарланды.

Отурумдун соңунда КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев жаңы окуу жылында университеттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу алдыда турган бир катар актуалдуу маселелер жана милдеттер тууралуу айтып, жалпы жамаатка ийгиликтерди каалады.