2026-жылдын 29-июлунда 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди КУУнун бакалавриаты менен магистратурасына кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды. Аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева алып барган жыйынга биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев (онлайн), университеттин Бишкектеги жана аймактардагы факультеттеринин декандары менен институттарынын директорлору катышты.

Жыйындын башында Алайбек Шамшиев 3 турдун жыйынтыгы менен Улуттук университетке жалпысынан 10 миң 608 абитуриент (анын ичинен 3 миң 437 — бюджет, 7 миң 171 — контракт) катталып, алардын 7 миң 645и кабыл алынганын билдирди.

Андан ары кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны, ал багыттар (адистиктер) боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча аталган система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө проректорлор Алайбек Шамшиев менен Кундуз Базакеева Улуттук университеттин Баткен, Талас, Нарын аймактык көп тармактуу институттарынын, Сүлүктүдөгү А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык, Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук, М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институттарынын жана университеттин Ош, Нарын, Каракол шаарларындагы, Талас облусундагы гуманитардык-табигый илимдер факультеттеринин жетекчилеринин босого балл, чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу ж.б.у.с. айрым суроолоруна жооп беришип, абитуриенттерди кабыл алууда окуу тайпасындагы студенттердин саны 15тен кем болбошу керектигин дагы бир жолу эскертишти.

3-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий