2026-жылдын 3-июнунда Жусуп баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу Түндүк Македониянын Гостивар шаарында жайгашкан Эл аралык Визион университетинин вице-ректору, профессор Абдулмежит Нуредин мырза менен жолугушту.
Тараптар өз университеттери тууралуу кыскача маалымат беришкен соң, билим берүү, илим жана эл аралык алмашуу программалары жана өнөктөштүк боюнча эки университетин ортосундагы кызматаштык мамилелерин орнотууга байланышкан маселелерди талкуулашты.
Жолугушууга о.э. КУУнун академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспортоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова, укук таануу жана бажы иши кафедрасынын башчысы Рахат Ибраимов, эл аралык кызматташуу жана байланыштар департаментинин директорунун орун басары Диана Султанбекова катышты.