2026-жылдын 28-майында Ж.Баласагын атындагы КУУнун докторантура мектебинин «Журналистика» багыты боюнча PhD программасынын тарыхындагы алгачкы докторлук диссертация ийгиликтүү корголду.
Докторант Цзян Линь «Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ММКдагы конструктивдүү журналистиканын учурдагы концепциясы жана практикасы (салыштырма анализ)» аттуу темадагы изилдөөсүн сунуштап, журналистика илиминдеги актуалдуу багыттардын бири болгон конструктивдүү журналистиканын теориялык жана практикалык аспектилерин кеңири талдап берди.
Изилдөөнүн өзгөчө баалуулугу — анын Кыргызстан менен Кытайдын улуттук маалымат агенттиктеринин ишмердүүлүгүн комплекстүү түрдө салыштырган алгачкы илимий эмгектердин бири болуп саналгандыгында. Диссертациянын алкагында Кыргыз улуттук маалымат агенттиги «Кабар» менен Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиктеринин материалдары сандык жана сапаттык талдоонун негизинде изилденип, эки өлкөнүн медиапрактикасындагы конструктивдүү журналистиканын өзгөчөлүктөрү аныкталган.
Илимий коомчулуктун өкүлдөрү белгилегендей, бул диссертация конструктивдүү журналистиканы улуттук контекстте изилдөөгө жаңы багыт ачып, Кыргызстан менен Кытайдын медиа тажрыйбаларын салыштырган маанилүү эмгек болуп эсептелет.
Эмгектин илимий деңгээлине жана сапатына докторанттын илимий жетекчилери олуттуу салым кошушкан. Диссертациялык изилдөө Ж.Баласагын атындагы КУУнун докторантура мектебинин «Журналистика» багыты боюнча PhD программасынын академиялык консультанты, филология илимдеринин кандидаты, доцент А.Дуйшекееванын жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин журналистика факультетинин ага окутуучусу, PhD Ш.Нуржанованын жетекчилиги алдында даярдалган. Илимий жетекчилердин колдоосу менен докторант актуалдуу илимий маселелерди терең изилдеп, Кыргызстан менен Кытайдын улуттук маалымат агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө комплекстүү салыштырма талдоо жүргүзүүгө жетишкен.
(С) П.Джаныбекова — адис