Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Илим фондунан 2027-жылга карата республикалык бюджеттин эсебинен программалык-максаттуу каржылоо үчүн илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программаларды жана долбоорлорду тандоо башталганын маалымдайт.
Тандоо илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча жүргүзүлөт. Алардын катарына Кыргызстан тарыхы, кыргыз тили, айыл чарба, биологиялык жана азык-түлүк коопсуздугу, жашыл экономика, саламаттык сактоо, климаттын өзгөрүшү, туруктуу энергетика, индустрия 4.0, борбордук банктардын санариптик валюталары жана санариптик трансформациялоо багыттары кирет.
Каржылоого сунушталган илимий изилдөөлөр так аныкталган максаттарды, илимий жаңылыкты, практикалык маанини, ишке ашыруу планын жана финансылык эсептөөлөрдү камтууга тийиш.
Ошондой эле сунушталган темалар тиешелүү тармактык органдардын илимий-техникалык кеңештеринде алдын ала талкууланып, протоколунун көчүрмөсү өтүнмөгө тиркелиши зарыл.
Өтүнмөлөр Министрликке электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардан 2026-жылдын 18-майынан 18-июнуна чейин кабыл алынат.
Кошумча маалыматты 0312 68 04 76 телефону аркылуу алууга болот.
