2025-жылдын 26-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Журналистика жана коммуникация институту тарабынан демилгеленип, уюштурулган “Миру мир!” эл аралык студенттик кинофестивалы салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды. Үч күнгө созулган фестиваль жаш кинематографисттердин чыгармачылык потенциалын эл аралык деңгээлде баалоо, алардын стилин, көз карашын жана маданий өзгөчөлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген маанилүү аянтча болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө сынактын жеңүүчүлөрү аталып, баалуу сыйлыктар тартууланды. Алар:

• «Эң мыкты актердук чеберчилик» — “Во имя”, Россия
«Эң мыкты режиссура» — “Эсимде”, Кыргызстан
• «Эң мыкты тарыхый сценарий» — “Последний свидетель войны”, Казакстан
• «Эң мыкты оператордук иш» — “Последний табун”, Россия
• «Теманы мыкты ачуу — элдердин салымы» — “Неизвестный фронт”, Монголия
• «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон фильм» — “Все что было не со мной — помню”, Тажикистан
• «Жюринин атайын сыйлыгы» — “Памяти Великой Отечественной войны”, Кыргызстан

Фестивалда белгилүү италиялык режиссёр Федерико Феллининин: «Каждый фильм — это маленькая жизнь» деген сөзү башкы идеяга айланып, ар бир чыгарманын артында чоң эмгек, ак ниет жана кино искусствосуна болгон сүйүү жана жашоо, тагдыр турганын айгинеледи.

Фестивалдын уюштуруучулары тарабынан журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш.Костюкка, “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы редактору А.Мураталиевге жана фестивалга өзгөчө конок болгон россиялык театр жана кино актёру Игорь Петренкого ыраазычылык каттары тапшырылды.

Жабылыш аземинде бир катар белгилүү инсандар фестивалдын мааниси жана анын студенттер үчүн ачкан мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ойлору менен бөлүшүштү.

“Кыргызфильм” киностудиясынын башкы редактору А.Мураталиев жаш авторлордун эмгегин жогору баалап, кинонун тарбиялык жана тарыхый маанисине токтолду:

Студенттер тарткан фильмдерде терең ойлор, тарыхка болгон урмат, өз элинин тагдырына кайдыгер карабаган көз караш бар экенин көрдүк. Улуу Жеңиш тууралуу тасмалар өзгөчө баалуу — бул тарыхты унутпаш үчүн кийинки муун жаратып жаткан эстелик. Кино — тарбиянын эң таасирдүү куралы, бүгүн муну дагы бир жолу тастыкталды.

Кыргыз эл артисти, профессор М.Мамбетакунов, чыгармачылык эркиндик менен улуттук нарктын маанисин белгиледи:

Жаштардын чыгармачылыгынан чынчылдык, кайрат, чыныгы изденүү көрүнүп турат. Алар тарыхты айтуудан коркпойт, өз үнүн табууга аракет кылат. Улуу Жеңиш — бул жалпы адамзаттын тарыхы, аны ар бир муун өз тили, өз образы менен кайрадан айтып турушу керек. Бүгүнкү фестиваль ошол байыркы эстеликти жаңырткан маданий диалог болду.

Россиянын белгилүү актёру Игорь Петренко фестивалдын миссиясын жана студенттердин толук кандуу чыгармачылык атмосферада, өзгөчө форматта иштегенин жогору баалады:

Бул жерде үч күн жүрүп, студенттик кинодо кандай чоң энергия, кандай чынчылдык бар экенин көрдүм. Бул тасмаларда жасалма нерсе жок — жаштардын дүйнөсү, алардын сезими, тарыхка болгон сыйы гана бар. Улуу Жеңиш —унутулбас сабак, ал эми кино — ошол эстеликти сактоонун эң күчтүү формасы. Кыргызстанга келип, мындай жылуу атмосфераны көргөнүмө абдан кубандым. Алгачкы таасир эң эсте каларлык, жаркын, жарык болот эмеспи. Кыргызстан мага ушундай сезимдерди тартуулады.

Ал эми кинофестивалдын демилгечилеринин бири, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ш.Костюк өз сөзүндө, быйыл Улуттук университет 100 жылдыгын белгилегенин, окуу жайдын кыргыз элинин тарыхындагы ордуна токтолду:

Быйыл Улуттук университетибиз 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Биздин окуу жай — кыргыз элинин тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Ал эми биздин фестиваль Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналганы да бекеринен эмес. Анткени, университетибиздин да бул Жеңишке түздөн-түз тийиштиги бар. Дал ушул жерден билим алган студенттер, аспиранттар, жаш окутуучулар майданга аттанып, өз өмүрүн тобокелге салып, Жеңишти жакындаткан. Алардын салымы — жалпы элдин салымы, жалпы тарыхыбыздын даңазасы.

Фестиваль журналистика жана коммуникация институту үчүн гана эмес, жалпы студенттик коомчулук үчүн да олуттуу чыгармачылык платформа болду. Жаштар практикалык көндүмдөрүн сынап, эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашып, тарыхты унутпай, Улуу Жеңиштин эстеликтерин даңазалап, тынчтыктын баалуулугун көркөм тил менен чагылдырууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы маданий кызматташтыктын, элдер ортосундагы достуктун жана студенттик кинонун жаңы деминин үлгүсү болуп, фестиваль катышуучуларга жана көрүүчүлөргө терең таасир калтырганы сезилди.

(С) П.Джаныбекова – адис

Добавить комментарий