Ж.Баласагын атындагы КУУ 2018-жылдан баштап Erasmus+ KA-17 Credit Mobility программасы боюнча Франциянын Пуатье университети менен кызматташып келет. Бул убакыттын ичинде КУУнун 50дөн ашык студенти ушул программанын алкагында Пуатье университетинде мобилдүүлүк боюнча окуп келишти, анын ичинен 20дан ашыгы “кош диплом” алууга жетишишти. Мындан сырткары, Бишкекте жайкы мектеп уюштурулуп, Кыргызстандын көптөгөн университеттеринин француз тили мугалимдери өздөрүнүн билимдерин өркүндөтүштү. Бул программадагы ийгиликтүү иш аракет келишимдин 2026-жылга чейин узартылышына шарт түздү. 2023 жылдан баштап бул келишимге Ош мамлекеттик университети да кошулду.
Erasmus+ KA-17 Credit Mobility программасы төмөнкү иш чараларды жүргүзүүнү өзүнө камтыйт:
- КУУнун окутуучуларынын Пуатье университетинде стажировкадан өтүүсүн;
- Кыргыз-Европа факультетинде Пуатье университетинин профессордук–окутуучулук курамынын конок лекцияларын өткөрүүсүн;
- Кыргыз-Европа факультетинин жакшы окуган студенттеринин Пуатье университетинде 2+2 “кош диплом” алуу боюнча окуусун улантуусун;
- Бул окуу жайларынын окуу программаларын координациялоо жана сабактарды валидациялоо.
Бул университеттердин кызматаштыгынын мындан ары ийгиликтүү уланышын калоо менен, келечекте дагы жаңы жетишкендиктирге жетишүүгө аракеттенебиз.
(С) Бактыбекова Перизат – КЕФтин башкы адиси