2023-жылдын 23-октябрь күнү Төлөбек Абдырахманов ректораттын курамына кирген түзүм жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйында окуу процесси, илимий жана чарба иштери, студенттерди кабыл алуу, аларды которуу жана калыбына келтирүү, инвестициялар, жаштар иштери, эл аралык байланыштар, каржы жана санариптештрирүү маселелери каралып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Иш-чарага окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев, илимий иштер боюча проректор Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан, инновациялар, санариптештирүү жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректор Ирина Дмитриенко, административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, ректораттын аппарат башчысы Мирбек Айтымбетов жана башка түзүм жетекчилери катышты.