2023-жылдын 21-октябрында КУУнун жеңил атлетика боюнча курама командасы жогорку, орто окуу жайларынын студенттери жана мектеп окуучулары арасындагы Республикалык жеңил атлетика кроссуна катышып, балдар 3-орунга, кыздар 2-орунга ээ болушту.
Ал эми биология факультетинин 3-курс студенти Калил кызы Айнуска жеке мелдеште 1-орунду алды (машыктыруучулары: Айтпай уулу Бердигул жана Ирина Пушнякова).
(С) Токонова Гүлзат – ФАДТжС кафедра башчысынын орун басары