2023-жылдын 18-октябрында ректор Төлөбек Абдырахманов Түрк-Араб уюмунун жетекчиси Басам Альганем мырзаны кабыл алды. Жолугушууда Улуттук университет менен аталган уюмдун ортосундагы кызматташтык, анын ичинде КУУда араб тилин үйрөтүү классын ачуу маселелери талкууланды.
Жолугушууга о.э. түрк дипломаты Лел Озер мырза катышты.