Среда, Января 29, 2020

Манасчылар

I. Айткандары жазылбай калган манасчылар

1.1. Жaйcaн

Белгилүү манасчы Caгымбaй Opoзбaкoвдун айтуусунда Жaйcaн деген ырчы Манастын учурунда жашап, анын жортуулдарын даңктап ырдаган экен. Мисалы, ал боз үйдүн жабдылышын эле жарым күн айтчу экен. Чынында эле Манас эпосунун текстинде да Ырчы-уул деген баатыр эскерилет.

1.2. Токтогул ырчы


Мындан 500 жыл мурун жашаган Токтогул ырчы да Манас айткан деген сөз бар

1.3. Keлдибeк Бapыбoзoв

Айткандыгы так далилденген алгачкы манасчы. Ал Чүй өрөөнүндөгү Жeлapык айылында төрөлүп, Ат-Башы районундагы Баткак айылында 19-кылымдын 80-жылдары каза болгон. Keлдибeк 17-18-жашында "Манас менен анын чоролорун түшүндө көрүп, алар анын Манасты айтышын талап кылгандан" кийин Манас айтып калат. Ал Көзкамандар окуясын эле бир жума айтчу экен. Келдибектин таланты тууралуу мындай легенда бар: ал Манас айта баштаганда күчтүү шамал согуп, жер титиреп, жайытта жүргөн мал айылга өзү келип калчу экен.

Келдибек элдин эсинде табып катары да калыптыр. Кээ бир оорулуулар Манас уккандан кийин айыгып кетишчү экен.

1.4. Бaлык (Бeкмypaт) Kyмapoв

Келдибектин замандашы. Ал тууралуу так маалыматтар жок болсо да, Таласта төрөлүп, Келдибектен кийин бир аз эле жашап, 80 жашында Бишкектен алыс эмес жерде каза болгону белгилүү. Анын өз аты Бекмурат болгон, а Бaлык – чыгармачыл псевдоними.

Бекмурат жаш кезинде ар кимге жалданып иштейт. Ал кезде Талас шаары Аулие-Атада (Жамбул) жашаган кокон ханынын өкүлүнө баш ийген. Бир күнү таластын манаптары Бекмуратты ошол өкүлгө кыргыздардан чогулган малды бакканга берип жиберишет. Балыктын өзүнүн айтуусу боюнча, ал бир күнү Наманганга баратып Манастын күмбөзүнүн жанында түнөп калат. Ал жерде Манас чоролору менен Бекмураттын түшүнө кирет да, Манас өзү тууралуу ырдашты ага буйрук берет. Наманганга келип Кушбектин алдында манас айтып бергенде, Кушубекке аябай жагып калат. Ал Бекмуратты берешен сыйлап, Таластын бийлери Ажибай менен Бүргөго кат жазып жиберет. Катта Балыкты "кем-карчсыз жана ардактап" багуу жөнүндө көрсөтмө берилген эле. Ошол кезден өмүрүнүн аягына чейин Балык Ажибай менен Бүргө манаптардын сыйлуу кишиси болгон. Ал эми солтонун манабы Байтиктин чакыруусу менен Чүй өрөөнүнө келгенде деле ошондой сый-урматта өмүр сүргөн.

Балык өзүн Манастын чоролорунун бириндей сезип, өтө көтөрүңкү маанай менен ырдаган. Тилекке каршы, Балыктын айткан Манасы жана башка ырлары жазылып алынбагандыктан бизге жеткен жок. Аксакалдардын айтуусунда ал динге өтө берилген адам болгон. Балыктын уулу Найманбай да манасчы болгон, бирок ал кишинин да өмүр-баяны толук изилденген эмес.

1.5. Tыныбeк Жaпиeв


1846-жылы Ысык-Көлдүн Кайнар айылында туулуп, 1902-жылы Тяншан областынын Туюк айылында каза болгон. Тыныбек 14 жашынан ырчылыкты, 20 жашынан Манасты үйрөнө баштайт да, 25 жашынан бүт Кыргызстанга белгилүү манасчы катары тааныла баштаган. 30 жашында атак-даңкка жетип, уруулар аралык чогулушта бийлердин башчысы болуп шайланат да, өмүрүнүн аягына чейин ошол кызматты аркалайт.

Манас айтканга чейин эле Тынынбек жоро-жолдошторунун арасында лирикалык ырларды аткаруучу катары белгилүү болгон. Ал эми Манас айта баштагандан кийин аны белгилүү манаптар чакыра башташат. Мисалы, Тыныбектин Токмок тараптагы "Сагымбайдын багы" деген бакта 30 күн бою Манас айткандыгы белгилүү. Көп убакыт Манас айтпай калса маанайы чөгүп кеткендиктен, өзү эле элди чакырып, Манас айта баштачу экен.

Тыныбек Манасты адегенде эч кимге угузбай, жашырынып айкан. Аны билип калган атасы атайын кой союп, аксакалдарды чакырып, уулун ырдатат да, белгилүү манасчы Чоңбашка тапшырат. Тыныбек ал киши менен бир нече жыл жүрөт.

Тыныбектин аткаруусундагыгы Манас да жазылып алынбаса да, анын Манас үчилтигин толук айткандыгы белгилүү.

1.6. Чoюкe Өмүpoв

Бугу уруусунан чыккан бул мaнacчы 1880-жылы Ысык-Көлдүн Турген айылында туулуп, ошол эле жерде 1925-жылы каза болгон. Анын атасы жана жакын туугандары батрак болушкан. Чоюке өзү да бир нече жыл батрак болгон.

Чоюке 20 жашында Каныкей менен Алмамбетти түшүндө көрүп, Манасты алардын талабы боюнча айта баштайт. Өспүрүм кезинде Манастын күмбөзүнө барып, ал жерде 6 жылдай Карабаш жана Кызылбаш деген белгилүү манаптардыкында манасчы болуп жүрүп калат. Андай кийин Чүйгө келип, 3-4 жылдай Бала Айылчы деген манаптын манасчысы болот. Андан кийин Көл тарапка кайтып келет. Бирок, көп узабай Кытайга кетип, ал жердеги кыргыздардан чыккан Усунахун манасчы менен жүрүп калат. Кытайдан 1916-жылы Үркүнгө чейин кайтып келип, үйлөнөт. Үркүн учурунда кайрадан Кытайга кетип, ал жерден үй-бүлөсүнөн ажырап, кайрадан Кыргызстанга кайтат.

Чoюкe манасты эң жакшы айткан устаттардын бири болгон. Ал Бакайдын окуясын айтып жатканда көпчүлүк угармандар ыйлашчу экен.

Чоюкенин варианты да жазылбай калган.

II. Айткандары жазылып алынган манасчылар

2.1. Caгымбaй Opoзбaкoв

1867-жылы Ысык-Көл областынын Кабырга айылында туулган. Атасы Орозбак саяк урусунан чыккан таланттуу сурнайчы болгон.
Жаш жана өспүрүм кездерин Нарын областындагы Кочкор айылында өткөргөн. Кыргызстандын аймактарын кыдырып жүрүп Манас айтып үй-бүлөсүн баккан.

Сагымбай – белгилүү манасчылар Балык, Келдибек, Чонбаш (Нармантай) жана анын окуучусу Тыныбектердин замандашы болгон жана алардын аткаруучулук чеберчилигин үйрөнгөн. Манасты 15 жашынан Чонбаш манасчыдан үйрөнө баштаган. Ага чейин тамаша ырларды, кошокторду чыгарып жана аткарып жүргөн.

"Манас", "Семетей" и "Сейтек" үчилтигин толук айткан.

С. Орозбаков Манас эпосунун эң көлөмдүү, сюжеттери толук вариантын жогорку көркөмдүк деңгээлде айткан. Анын вариантын окумуштуулар классикалык вариант катары кабыл алышат.

С. Орозбаков 1930-жылы Кочкор районунда каза болгон.

Сагымбайдын аткаруусунда үчилтиктин биринчи бөлүгү (Манас) толук жазылып алынган. Жазуу иши 1922-жылы Туркестан республикасынын Наркомпросунун тапшырмасы боюнча башталып, 1926-жылы аяктаган. Андан ары Сагымбайдын ооруп калгандыгына байланыштуу жазуу улантылган эмес.

Сагымбайдын Манасы 260 басма табактан ашып, кыргыз фольклорунун эң жакшы үлгүлөрүнүн бири болуп саналат. Анын вариантында жоокердик жүрүштөр, турмуш-тиричилик жагдайлар жана фантастикалык жомоктор көркөм-поэтикалык эң жогорку деңгээлде берилет. Эпостун негизги өзөгүнө төп келбеген диний ырым-жырымдар ашыкчалык кылгандай сезилет

2.2. Caякбaй Kapaлaeв

Бугу уруусунан чыккан бул манасчы 1894-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда туулган. Атасы кедей болгондуктан Саякбай жаш кезинен жалданып иштеген.

1916-жыл ал кыргыз элинин көтөрүлүшүнө катышып, өзүнүн жолдоштору менен Кытайга качкан. Бирок, жолдо падышанын желдеттери тарабынан кармалып калат да, жолдошторунун көпчүлүгү атылып, Саякбай качып кетет.

1918-жылы жалданып иштеп жүргөн Саякбай өз эрки менен Кызыл Гвардияга кирип, анын катарында 1922-жылга чейин ак гвардиячылар жана басмачылар менен салгылашып жүрөт. Армиядан кайтып келип айылдагы совет органдарында иштеп калат.

1924-жылдары Caякбaй Чoюкe менен кездешип, ал айткан Манастын тексттерин үйрөнө баштайт.

Манас тууралуу Саякбайга чоң энеси айтып берген. Ал киши өзү манас айтпаганы менен эпостун мазмунун жатка билчү.

Caякбaй "түш көргөндөн жети жылдан кийин" манас айта баштадым деп эскерет. Анын аткаруусунда үчилтиктин бардык бөлүктөрү (Манас, Семетей, Сейтек) жана Манастын урпактары тууралуу да бөлүктөр жазылып алынган.