Понедельник, Сентября 21, 2020

"Семетей" эпосунун кыскача мазмуну

Негизги каармандар: Семетей, Айчүрөк, Канчоро, Күлчоро, Коңурбай, Абыке, Көбөш, Чыйырды, Каныкей, Чынкожо, Толтой, Темир-хан, Кыяз-хан, Акун-хан

Үчилтиктин биринчи бөлүгүнүн сүйүктүү баатырдын өлүмү менен кайгылуу аякташы угармандарды канааттандырбады. Ошондуктан, дастан уланышы керек эле. Буга дагы бир себеп – Манастын негизги душманы, кан төгүлгөн бардык салгылашуулардын баштоочусу Коңурбайдын акыркы уруштан качып кутулуп, аман калганы эле.

”Семетей” эпосу да трагедиялуу башталат: бийликти Семетейдин ичи тар, митайым туугандары Абыке жана Көбөш тартып алышат да, Манаска байланышкан нерселердин баарын жок кыла башташат жана өздөрүнүн гана жеке жыргалчылыгын ойлоп, элди тоной башташат.

Трилогиянын биринчи бөлүгүндө тирүү калган каармандарынын баарынын абалы аянычтуу: акылман Бакай - кулга айланса, Манастын апасы Чыйырды, менен Семетейдин апасы Каныкей бечарадай кийинишип, Семетейдин жанын сактап калуу үчүн Каныкейдин туугандарына качышат.

Семетейдин жаштык чагы апасынын агасы Темир-хандын өргөөсүндө өтүп, өз мекенин жана ата-энесин билбей калат. Семетей жаш чагында Манастай эрдиктерди көрсөтпөсө да, бир топ эле күчтүү, жеңилүүнүн да жеңиштин да даамын татып калат.

Он төрт жашында атасынын чоросу Сары Таздан өз атасы жана баскынчылардын кол астында калган мекени тууралуу чындыкты угат да, Семетей Таласка жүрүш жасап, элдин колдоосу менен душмандардан арылып, бийликти колго алат, урууларды бириктирип, тынчтыкты орнотот. Бейпилдик орной баштайт.

Семетейдин алыс тууганы Чынкожо менен анын досу Толтой Ахун-хандын ордосуна кол салып, анын төрөлө элегинде эле Манас куда түшүп койгон кызы Айчүрөктү ээлеп алгылары келишет.

Душмандар ордону курчап алышканда, Ахун-хан кызын даярдаганга 2 ай мөөнөт сурайт. Айчүрөк ак-кууга айланат да, ордого тынчтык бербеген душмандарды жеңе ала турган татыктуу күйөө издеп, дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып учат. Ал, куш учкан бийиктиктен, ар түрдүү элдердин жана жерлердин атагы чыккан баатырларын карап көрүп, баа берет. Бирок, Семетейден көрктүү жана күчтүү баатырды, Таластан ашкан кооз жерди таппайт. Семетейдин бүйрүн кызытыш үчүн анын сүйүктүү Ак шумкарын уурдап кетет. Айчүрөк адашпаптыр – Семетей шумкарынын жоголушун угаары менен, эң жакын чоролору Күлчөрө (Алмамбеттин уулу) менен Канчорону (Чубактын уулу) ээрчитип, Ахун-хандын ордосуна жөнөйт.

Баатырлар жолго чыкканын билген кыраакы Айчүрөк белгилүү Үргөнч суусунун кооз жээгине журт даярдап, конок тосконго даярдана баштайт.

Чоңдугү үйдөй болгон таштарды агызган Үргөнч суусун баатырлар араң кечип өтүшкөн соң, Акун-хандын ордосуна келишет.

Болочок кыз-күйөөнүн жолугушуусу ар кандай этнографиялык маалыматтар менен коштолот. Жаштардын оюндары - азил, тамашаларга толтура. Сүйүктүү жар болуш үчүн - махабат жетишсиз. Семетей Айчүрөктүн колун сураган зөөкүрдү жеңип чыгышы керек.

Душмандын сан жеткис колу менен айыгышкан чабышта Семетей жеңип чыгат. Кайрадан той уланып, оюндар башталат. Ceмeтeй Айчүрөккө үйлөнүп, бейпил, тынч турмуш башталат. Бирок, эзелтен келе жаткан каада-салтты улантып, жаштар өз аталарынын өлүмүнө күнөөкөрлөрдөн өч алууну талап кылышат.

Семетейдин Бээжинге болгон жүрүшү, анын кыргыздарга каршы чабышка даярданып жаткан амалдуу Коңурбай менен күрөшү трилогиянын биринчи бөлүгүндөгү ”Чоң казатка” окшоп кетет. Бирок, бул чабышта Семетей менен Күлчөрөнун жомоктогудай күчтөрү, сыйкырчылыктары айлакер Коңурбайга жетпей бир топ кыйналышат да, кытай баатырын акыры Күлчөронун айлакерлиги менен гана жеңишет.

Коңурбайды жеңип, Таласка кайтып келген Семетей өзүнүн мурдагы жакын чоросу, бирок көптөн бери ичине кек сактап келген Канчоронун саткындыгына кабылып, душманы Кыяз-хан менен болгон күрөштө жеңилет. Кыяз-хан бийликке келип, Айчүрөктү туткунга алынып, колуна кишен салынып, Каныкей, Бакай, Күлчөро сымал кулга айланат.

Мындай кайгылуу аяктаган ”Семетей” эпосунун финалы эл мүдөөсүнө жооп бербегендиктен, убакыт өтүп, Манастын небереси Сейтек тууралуу эпос пайда болот.