Вторник, Сентября 22, 2020

Заседание Ученого совета КНУ от 01.10.2013

alt2013-жылдын 1-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин жаңы окуу жылындагы алгачкы отуруму болуп өттү. Жыйындын күн тартибине "Аскер кафедрасын түзүү", "Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу бөлүмүн ачуу" жана "Орус жана славян филологиясы факультетинин "Орус адабиятынын теориясы жана тарыхы" кафедрасы менен "Чет элдик адабият" кафедрасын бириктирүү" маселелери кирди. Окумуштуулар Кеңешинин отурумун анын төрагасы, КУУнун ректору, профессор Искендер Исамидинов алып барды.

КУУнун жетекчиси ата-энелерден, студенттерден аскер кафедрасы боюнча көптөгөн арыздар, кайрылуулар түшүп жатканын айтып, маселени тез аранын ичинде чечүү үчүн Окумуштуулар кеңешинин чечимин чыгарып, Президентке, депутаттарга, Өкмөткө кайрылуу керек экендигин баса белгиледи. Ректордун бул оюн Окумуштуулар кеңеши бир добуштан активдүү колдоого алды. (Чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн фото-репортаждан кийин окуй аласыз). Каралган маселе боюнча атайын чечим кабыл алынып, аны ишке ашыруу милдети ректор Искендер Исамидиновго жүктөлдү.

Ректор андан ары азыркы учурда техникалык себептерге байланыштуу иштебей турган №4-студенттик жатакана Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине карата 2015-жылы калыбына келтирилип, ачыла тургандыгын билдирди.

Искендер Исмидинов Кеңештин мүчөлөрү менен ректораттын келечек пландары тууралуу да ой бөлүштү. Анын айтымында, ректораттын жыйналыштары мындан ары окуу имараттарында да өткөрүлөт, “Кыргыз-Индонезия маалымат коммуникациялык борборун” ачууга байланышкан маселелерин чечүү үчүн Индонезияга, Улуттук университетке инвестиция тартуу максатында Польшага, Японияга иш сапарлары пландалууда. "Макул десеңер, мен университеттин тыйынын коротпой, инвестиция алып келүү үчүн чакырган тараптардын эсебинен командировкаларга чыгып турайын", - деген ректордун сөзүн Окумуштуулар кеңеши бир добуштан колдоого алды.

Белгилеп кетчү нерсе, аталган пландардын арасында айлык акыны көтөрүү да бар.

Ректордун сөзүнөн кийин, жыйындын катышуучулары күн тартибиндеги маселелер боюнча өз ойлорун айтышты:

  • Image folder specified does not exist!
  •  

Бектурсун Байсабаев - кыргыз филологиясы факультетинин деканы: “Аскер кафедрасын быйылкы окуу жылында ачуу үчүн болгон аракетибизди жумшайлы. Маселе туура коюлуп атат. Жогор жакка кайрылыш керек. Эки жакка чыгуу боюнча, Искендер Чоңмурунович ректор болуп келгенде эле айткам, "эки жакка чыгыңыз, бул жакта проректорлор иштесин" деп. Эми, сыртка чыгуулар – шарт жакшы болуп, ошолордун эсебинен болуп атат. Бизге да эки жакка эшик ачылууда. Мисалы, былтыр ректор Кытайга барганда сүйлөшүлдү эле, быйыл 12 бала 12 күнгө Кытайга барып келди. Эки жакка чыкканда университетке инвестиция, грант алып келгенге жакшы шарт түзүлөт".

Алайбек Шамшиев - үзгүлтүксүз билим берүү жана адистикти жогрулатуу борборунун директорунун 1-орун басары: "Ооганстанда мени менен катар салгылашкан жигиттер учурда Коргоо министрлигиндеги белдүү кызматтарды аркалашууда. Алар бизге аскер кафедрасын ачууга жардам беришет деп ишенем".

Айсалкын Асанова - башкаруу жана бизнес институтунун директору: “Аскер кафедрасы жабылып, университет өз мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калды. Ректораттын бул кадамдарын абдан туура баалайм. Мындай нерсени токтотпой, эртең, бүрсүгүнү же эмдиги жылы дебей, өз убагында кайра ордуна коюп койгонго аракет кылышыбыз керек. Сындырып, бүлдүрүп койгон бат эле экен, аны кайра жыйнап, кайра ордуна келтирүү – кандай гана эмгекти, кандай гана инициативаны талап кылат. Ошондуктан, кечиктирбей аракет кылууну суранат элем. Командировка боюнча айтсам, Вы обязаны ездить в командировки. Ректор ведущего вуза д.б. открытым для регионального и мирового образователного пространства. Вы должны видеть, перенять и внедрить лучший мировой опыт в КНУ".

Абдыганы Халилов - журналистика факультетинин деканы: "Бүгүнкү Окумуштуулар кеңешинде университет үчүн өтө маанилуу маселе көтөрүлүп атат. Искендер Чоңмурунович, сиздин демилгеңиз эң туура! Муну колдош керек. Бизде аскер кафедрасы мурда болгон, окуу пландары, бардык программалары бар. Ошонун негизинде иштеп чыкса болот. Бул демилге ишке ашып калса, Улуттук университеттин да аброю өсөт. Ноябрдан баштап эле ишке ашыруу керек. Ал эми сыртка чыгуу – сиздин милдеттериңиздин бири".

Шаршенбек Сальпиев - бирикен профсоюз комитетинин төрагасы: Туура эмес болуп калыптыр, ошону оңдойлу” - деп, моюнга алганыңыз үчүн чоң рахмат, Искендер Чоңмурунович. Бүгүн чечим чыгарып, Президентке, Парламентке – иши кылып бүт бийлик бутактарына кайрылалы. Эсиңиздерге салып койойун, бизде дагы бир туура эмес чечим бар - убагында 8-корпустагы ашкана жабылып калган. Ошого аябай ичим ачышып калган".

Аскар Акматов - профессионалдык колледждин экономика бөлүмүнүн башчысы: "Правительство подготовило проект постановления, где говорится о том, что в МВД, Минюст, Прокуратуру, Финансовую полицию не принимаются лица, не имеющие офицерского звания. Поэтому, вопрос о военной кафедре - своевременный".

Кундуз Базакеева:  "Аскер кафедрасы тууралуу маселени эң убагында көтөрүп атасыз. Буга баарыбыз макул болушубуз керек. Сиз башка жактарга чыгып, жакшы нерселерди көрүп, башкалар менен салыштырбасак – эч качан өсүп, өнүкпөйбуз".

Бакыт Мааткеримов - жаштар комитетинин төрагасы: "Аскер кафедрасынын жабылып калганы өкүндүрөт. Бизде окуган студент балдар бул маселе боюнча көп арызданышып, көп маселелерди коюшат. Жылдан жылга бизге тапшырган эркек балдардын саны азайып баратат. Себеби - аскер кафедрасы жок. Ошондуктан, алар башка вуздарга кетип атышат. Суранат элем, бул маселенин быйылкы жылы чечилип калышын. Айтмакчы, 5-курстагылар да суранып атышат, "аскер кафедрасында окуп алсак болобу?" деп. Себебин Акматов агай айтып кетти".

Тургунбек Ниязов - география факультетинин кафедра башчысы: "Израилдин армиясында кыздар да кызмат өтөйт экен. Биздин студентер болсо автомат, мина эмне экенин билишпейт".

Жеңишбек Акматов - окуудан тышкары иштер бонча проректор: "Ниязов агай четин чыгарып кетти. Аскер кафедрасы чечилип калса, эксперимент катары спортсмен кыздардан бир взвод ачышыбыз керек. Ал эми протоколду болсо, 5 фракцияга тең эле берип койгон оң".

Талкууга ошондой эле физика жана электроника факультетинин деканы Сагынтай Кадышев, Кыргыз Эл мугалими Өзгөрүш Шаршекеев, "Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы" кафедрасынын жетекчиси Айнура Арзыматовалар да катышты.

Окумуштуулар кеңешинин соңунда күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

КУУнун басма сөз кызматы

01.10.2013