

Айжамал Бексултанова (ЖР-1-20 тайпасынын студенти): Көзгө сүйкүм, көмүскө зыян кумар оюндары
22.03.2023 21:28
Көзгө сүйкүм, көмүскө зыян кумар оюндары
Бүгүн күндө кумар оюндары үй-бүлөнү бузуп, маралдык, материалдык жана физикалык жактан алсыздантып, социалдык дегродацияга түркү берип жатат. Азгырык оюндарына болгон көз карандылык “лудомания” деп аталып, грек тилинен которгондо “лудо” ойнойм, “мания” баш айлангандык деген маанини камтыйт. Статистика боюнча дүйнө жүзүндөгү жалпы калктын 50% лудоман болуп эсептелет.
Кумар оюнуна жаңыдан аралашып жаткандардын максаты – көңүл ачуу болуп эсептелсе, кээ бири киреше табуну көздөшөт. Оюндан от чыгат деп шектенбеген адамдар бат эле азгырыкка берилип, көзүн ачып жумганча сыз жерде олтуруп калганын сезбей да калууда. Курчап турган дүйнө кызыксыз болуп, окуяларды талдоо жөндөмү жоголот. Убакыттын өтүшү менен реалдуу дүйнөдөн алыстап, азгырык жашоонун маңызы болуп калат.
Кумар оюндары глобалдуу маселердин катарын толуктайт. Көп жылдан бери ал актуалдуулугун жоготпой, күн санап коомдо кеңири жайылып келе жаткан убак. Дүйнө жүзүнүн статистикасы боюнча 2009-жылы кумар оюндарынын мыйзамдуу рыногунун кирешеси 335 миллиард долларды түзгөн. Ал эми 2012-жылы 417 миллиард доллар киреше тапкан. 2003-жылдан бери онлайн казино рыногу жыл сайын 23%га өсүп келе жатканы белгилүү болгон.
Азгырык деген статуска ээ болгон оюндарга жаңыдан баш калкалап жаткандардын айрымдары бергилүү бир сумманы уттуруп алып, дароо баш тартышат. Оюнга аралашып калып, жеке кылык-жоругуна бөгөт коё албай келгендер да коомдо аз эмес. Адегенде, азгырыкка бөлөнгөн адамдар айлык акысын эле коротуп, кийинчерээк карызга батып, жумушунан, үй-бүлөсүнөн ажырап калуусу ыктымал. Эксперттердин айтымында: “оюнчу башында жөн гана жеңишке жетүү максатын көздөсө, кийинчерээк жакшы эмоцияларды алып эмне себептен ойноп жатканын билбей да калат”.
Кумар оюндарына кимдер азгырылат?
- өзүнө болгон ишеними төмөн адамдар;
- балачактан берки психологиялык жабыркоосу барлар. Алар оюн аркылуу өзүн эр көргөзгүсү келип, кыялындагы “баатыр” адамдын образын ишке ашырууну каалаган адамдар;
- ата-энесинин колдоосуна зар болгондор.
Оюнга берилип калган адамдардын жеке жашоосунда көйгөйлөр көбөйүп, акыл-эси караңгылап калат. Канчалык дэңгээлде азгырыкка туруштук берүүнү кааласа дагы, кылган аракеттери ийгиликсиз болот. Себеби, бул баткакка малынган адамдар экрктүүлүгүн жоготуп, өзүнүн кылган ишин башкара албай калат. Мындай учурда көп жылдык тажрыйбасы бар психологдор гана жардамга колун суна алаары калетсиз.
Айжамал Бексултанова - ЖР-1-20 тайпасынын студенти