Ишемби, Апрель 01, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Педагогика факультети USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору менен биргеликте илимий-практикалык конференция өткөрдү

00

2023-жылдын 10-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында педагогика факультети USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору менен биргеликте «Билим берүүдөгү инновациялардын шартында болочок башталгыч класстын мугалимдерин кесипкөйлүк жактан даярдоо» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. Жыйынды илимий иштери боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып берген соң, пленардык жыйында КББАнын президенти Назира Дюшеева, педагогика факультетинин деканы Рахат Сулайманова, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы РПККЖжКДИнин директору Алмазбек Токтомаметов, №5 мектеп-гимназиясынын директору Марат Касымалиев жана "Окуу керемет! долбоорунун директору Сауле Хамзина кызыктуу баяндамаларды жасашты.

Инновациялык өзгөрүү шартында келечектеги башталгыч класстын мугалимдеринин кесипкөйлүк ишмердигине студенттерди практикалык жактан даярдоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана мугалимдердин билимин өнүктүрүү боюнча пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн кесиптик аянтча болуп саналган конференцияга Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы кесиптик колледждин,  И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы педагогикалык колледждин жана М.Р.Рахимова атындагы квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин колледжинин, И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин педагогика бөлүмүнүн, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы К.Мамбетакунов атындагы  педагогикалык колледждин, Талас мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин окутуучулары жана мектептердин мугалимдери катышты. 

Конференциянын максаты:

  • башталгыч класстардын мугалимдерин кесиптик даярдоонун алдыңкы тажрыйбасын жалпылоо жана жайылтуу;
  • жаңы билим берүү стандарттарын киргизүү шартында ЖОЖдордун жана колледждердин башталгыч класстарынын мугалимдерин кесиптик даярдоо программаларын өркүндөтүү;
  • мектептерде педагогикалык практиканы уюштурууну жана өткөрүүнү жакшыртуу;
  • башталгыч класстарды окутуу методикасы жаатында ЖОЖдордун жана колледждердин профессордук-окутуучу курамынын потенциалын өнүктүрүү;
  • колледждердин жана ЖОЖдордун (максаттуу бөлүмдөрдүн) ортосунда кесиптик өз ара аракеттенүүнү жана тажрыйба алмашууну уюштуруу;
  • жогорку педагогикалык жана башталгыч жалпы билим берүүчү мектептердин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү;
  • башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоонун актуалдуу маселелерин жана окутуунун заманбап моделдерин талкуулоо.

Белгилей кетсек, КУУнун педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын 5 окутуучусу, алардын ичинен 1 мастер тренер, 4 улуттук тренер катары 2021-жылдан бери  USAID «Окуу керемет!» долбоору менен биргеликте кызматташып келет.

Конференциянын  экинчи бөлүмүндө төмөнкү 5 секциялык иш алып барылды:

1-бөлүм: Билим берүүдөгү санариптик трансформация – модератор Мамбетакунов У.Э.;

2-бөлүм: Заманбап мугалимдин кесиптик компетенциялары – модераторлор Ишекеев Н.И., Сулайманова Р.Т;

3-бөлүм: Класста жана класстан тышкаркы иш-чараларда кенже окуучулардын окуу сабаттуулугун калыптандыруу – модератор Токтомаметов А.Д;

4-бөлүм: Башталгыч класстын окуучуларын окутууда дифференцияланган   жана интеграцияланган ыкмаларды ишке ашырууга окуучуларды даярдоо – модераторлор Адылбек кызы Г., Жуматаева А.С.;

5-бөлүм: “Башталгыч класстарда математиканы окутуунун эффективдүү стратегиялары”-модерато Казиева Г.К.

Ар бир секцияда мугалимдин сабактагы практикалык ишмердүүлүгүн чагылдырган мастер-класстар жогорку деңгээлде көрсөтүлдү Мындан тышкары, калыптандыруучу баалоону жүргүзүү үчүн BaalooApp, сабактарга байкоо жүргүзүү үчүн жана мугалимдерге кайтарыш байланыш берүү үчүн SabakApp тиркемелери "Окуу керемет" долбоору тарабынан иштелип чыккандыгы жана максаттуу мектептерде активдүү колдонулуп жаткандыгы, алардын жыйынтыктары боюнча кеңири маалымат берилди.

Конференция жалпы пленардык жыйындарда, секциялык бөлүмдөрдө аныкталган маселелерди талкуулоо үчүн тегерек стол менен жыйынтыкталды.

02

04

06

08

10

11

12

14

16

20

22

24

26

28

30

40

42

44

46

50

press knu 2023

Жуматаева А.С. - МЧМПжББТ кафедрасынын ага окутуучутусу

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 410 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

     
  • ФИИТ 26.09.2022 10:42
    Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары