Бейшемби, Декабрь 01, 2022
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN

Көрүнүктүү окумуштуулар А.Жапаров менен К.Дыйкановдун 100 жылдыгы белгиленди

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Математика жана информатика факультетинде Студенттердин эл аралык күнү белгиленди

00

2022-жылдын 17-ноябрь күнү математика жана информатика факультетинде Студенттердин эл аралык күнү белгиленди. Факультет деканы Изат Усенов жыйындын катышуучуларын бүгүнкү майрамы менен куттуктап, алардын заманбап билим алып, өз кесиптеринин татыктуу ээлери болушуна, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушуна тилектеш экендигин билдирип, активист студенттерди окуудагы жана кайрымдуулук иштердеги ийгиликтери үчүн ардак грамота менен сыйлады.

Декандын тарбия иштери боюнча орун басары Бактияр Рахманкуловдун айтымында, факультеттин студенттери университет, республика денгээлинде баардык иш-чараларга активдүү катышып, айрыкча 2015-жылы факультет үчүн аябай жемиштүү болуп, КУУнун факультеттер арасында спорттук спартакиадада жалпы зачеттук негизде 1-орунга ээ болушуп, I-даражадагы диплом жана кубок менен сыйлангандыгын, о.э. КУУнун мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректордун баяндамасында, тарбия иштерин жүргүзүүдө математика жана информатика факультети жыл жыйынтыгы боюнча КУУнун факультеттер арасында тизменин башында тургандыгын баса белгилеп кетти.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Изат Абдраевичтин жасаган баяндамасынан чогулуштун катышуучулары эл аралык студенттердин күнү 1946-жылы 17-ноябрда Чехиянын борбору Прагада студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилгендигин, бирок анын тарыхы, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чехословакияда башталган трагедиялуу окуяга байланыштуу, 1939-жылы 17-ноябрда улутчул фашисттер тарабынан өлкөнүн түзүлгөн күнүн белгилөө максатында демонстрацияга чыгышкан жаштар, Студенттер кеңешинин жетекчилери камалып, эч кандай соту жок атылгандыгы, Гитлердин буйругу менен чех жогорку окуу жайлары жабылып, миңден ашык студенттер жана окутуучулар концентрациялык лагерге айдалгандыгы, азыркы учурда бул күндүн алдында тынчтык жана достук үчүн күрөшкөн эл аралык студенттик жумалыгы (10-17-ноябрь) өткөрүүлөөрүн, Кыргызстанда бул күн расмий майрам болуп саналбаса да, 1990-жылдан бери студенттер арасында майрам катары кабылданып, белгиленип келери тууралуу маалымат алышты.

Урматтуу КУУнун студенттери, сиздерди 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык күнү менен кызуу куттуктайбыз! Студенттик жылдар - бул ар бир адамдын жашоосунда жакшы мезгил болуп саналат. Андыктан, жалпыңыздарды бүгүнкү майрамыныздар менен чын дилибизден куттуктап, сиздерге бекем ден-соолук, окуунарга ийгилик каалайбыз!

04

06

08

10

12

14

Акбаралиев Даниел – МжИ факультетинин студенттик кеңешинин төрагасы

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1258 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

Студенттердин ?-лору

  • Бакыт 14.07.2022 16:01
    Здравствуйте! Был отчислен за неуплату контракта по причине службы в армии. Чтобы не портить отношения ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:18
    САЛАМАТСЫЗМБЫ УЙБУЛОЛУК СЕБЕПКЕ БАЙЛАНУУШТУ МЕН ОЗУМ РОССИЯДА ОКУУЙМ ТУРИЗМ НАПРАВЛЕНИЯСЫ БОЮНАЧА ...

    Толугу менен...

     
  • Темирлан 30.06.2022 14:14
    Здраствуйте я данный момент учусь Сибирском Федеральным Университете РФ по направлению Туризм окончил ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Нурсултан 18.05.2022 11:43
    Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?

    Толугу менен...

     
  • Каримов Нурбакыт 12.11.2021 09:12
    Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...

    Толугу менен...

     
  • Umut Almazbekova 28.07.2021 10:30
    Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Айзирек 13.09.2021 15:15
    Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары