КУУда профессор Жаныбек Жакыпбекович Жакыпбековдун 75 жылдык мааракеси белгиленди
2022-жылдын 2-июнь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында көрүнүктүү тарыхчы, илимпоз, педагог, тарых илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Жакыпбекович Жакыпбековдун 75 жылдык мааракесине арналган “Кыргызстандын тарыхынын жана тарыхнаамасынын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болду. Иш чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун, К.Карасаев атындагы БМУнун, УИАнын өкүлдөрү жана юбилярдын туугандары катышты. Жыйынды тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Туратбек Сырдыбаев ачып, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров куттуктоо сөзүн айтты.
Юбилярды 75 жашка толушу менен менен о.э. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору Анварбек Мокоев, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректору Нурмамат Эсенкулов баштаган окуу жайдын тарыхчылары, КУУнун 2011-2014-жылдардагы ректору Искендер Исамидинов, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору Дөөлөтбек Сапаралиев, Улуттук илимдер академиясынан А.З.Жапаров, С.Дүйшембиев, Р.Жолдошев, о.э. КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин жамааты куттукташты.
Чыгып сүйлөгөндөр Жаныбек Жакыпбековичтин илимий-педагогикалык ишмердиги тууралуу баалуу ойлорду айтышып, Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхын изилдөөдөгү жаңы көз караштар, Кыргызстандагы археологиялык жана этнологиялык изилдөөлөрдүн жаңылыктары, булактаануучулук жана тарыхнаамалык багыттагы изденүүлөр тууралуу билдирүүлөрдү жасашты.
Илимий конференциянын жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда окумуштуу Ж.Ж.Жакыпбековдун жана башка өрнөктүү инсандардын басып өткөн жолун жана ишмердигин кеңири пропагандалоонун, ошондой эле окуп үйрөнүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Кыскача маалымат
Жакыпбеков Жаныбек Жакыпбекович 1946-ж. Чүй областынын Панфилов районунун Кум-Арык айылында туулган.
1963-ж. орто мектепти аяктаган соң, 1964-1966-жылдары Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы заводдо жумушчу болуп иштеген. Андан кийин, 1967-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине өтүп, 1972-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1972-1974-жылдары Германияда Советтик армиянын катарында офицердик кызматты өтөгөн. 1974-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин СССРдин тарыхы кафедрасынын ага лаборанты болуп эмгектенген. Ошол эле учурда СССРдин тарыхы кафедрасынын окутуучусу кызматын айкалыштырып иштеп, 1975-1986-жылдары СССРдин тарыхы кафедрасынын окутуучусу, 1987-жылы Совет мезгилине чейинки СССРдин тарыхы кафедрасынын ага окутуучусу, 1992-жылдан – 1993-жылга чейин ошол эле кафедранын доценти, 1993-жылдан – 2000-жылга чейин Түркстан, Россия, Кавказ элдеринин тарыхы кафедрасынын доценти, 2000-жылы Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору, 2001-2016-жылдары Байыркы жана орто кылымдардагы Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын кафедра башчысы, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору кызматын аркалап келет.
1978-1982-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын сырттан окуп, 1986-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде кандидаттык диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин кандидаты, ал эми 2013-жылы докторлук диссертацияны коргоп, тарых илимдеринин доктору илимий даражаларын алган.
Окумуштуу учурда 140тан ашуун илимий макалаларды, алардын ичинен 2 монографиялык изилдөөнү, 4 окуу-методикалык эмгекти жарыялаган. Бүгүнкү күндө, Кыргызстандын тарыхынын актуалдуу маселелери “Кыргызстандын тарыхынын булактаануусу”, “Кыргызстандын тарыхы илиминин тарыхнаамасы”, “Тарых илимдеринин тарыхы жана методологиясы” аттуу программалардын автору жана “Кыргызстандын тарыхы” ж.б. профилдик предметтер боюнча курстарды иштеп чыгып, лекцияларды окуп келет.
Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө жетишкен ийгиликтери үчүн 1997-ж. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, 2001-ж. КР билим берүү жана маданият министрлигинин Ардак грамотасы, 2015-ж. КУУнун ардагери, 2021-ж. Кыргыз Республикасынын аялдар Конгрессинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Уфа шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышты
- Экономика факультетинин студенттери Ала-Арча жаратылыш паркына барып, эс алып келишти
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Профессор Гүлжамыш Абдымомунова "Жаштык мезгилдин психологиясы" боюнча ачык сабак өттү
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Ду кай 21.04.2022 14:37
-
Жаркынай
30.03.2022 11:54
Здравствуйте, я хочу поступить после мед.колледжа, нужен ли ОРТ? Если нужен доп.предметы какие нужно ...
-
Айжан
15.02.2022 09:31
Саламатсыздарбы ! Мен 2015 жылы отчисление болуп кеткем, атестатым калып кеткен. Азыр алып кетсем ...
Студенттердин ?-лору
-
Nurdai
12.05.2022 13:59
Изменились ли даты летних каникул?
-
Сауле
04.04.2022 00:52
Саламатсызбы, мен 11 класс мын, ОРТ проходной бал га жетпей калса , тапшырсам болобу , выход барбы?
-
Назира
04.03.2022 14:48
Саламатсызбы, осенний семестрдин стипендиясы качан тушот? Уже март келди.
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Нурсултан
18.05.2022 11:43
Мен КУУнин бутургом, диплому жоголуп кетти кайра жаныдан дубликатын алыш учун эмне кылуу керек?
-
Каримов Нурбакыт
12.11.2021 09:12
Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...
-
Umut Almazbekova
28.07.2021 10:30
Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Айзирек
13.09.2021 15:15
Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...