Ишемби, Сентябрь 25, 2021

Э.Бейшембиев: Интеллектуалдык менчик: эл аралык укук менен улуттук укуктун айкалышы

Интеллектуалдык менчик: эл аралык укук менен улуттук укуктун айкалышы

КРнын Конституциясынын долбоорунун (17.11.2020) 11-беренесинде: КРда цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишмердигин мыйзамга ылайык жүргүзөт” деп баса белгиленген.

Ал эми Конституциянын (долбоорунун) 22-беренесинде: мамлекет технологиялык инновацияга жана ойлоп табууларга колдоо көрсөтөт. Ар бир адам өзүнүн кызыкчылыгына жана жөндөмүнө жараша чыгармачылыктын бардык түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу" делгени өтө маанилүү.

Темабызга ылайык, ушул күндөрү КРда кызуу талкууну жараткан: жасалма интеллектуалдык (табигый эмес) санарип тармагынын жаӊы технологиясы, дүйнөлүк өнүгүүдөгү элдин турмушунун жаӊы багыты. Бул ойлоп табуу жана өнөр жай тармагына таандык. Автордук укук жана интеллектуалдык менчикке укук, адам гана татыктуу (робот эмес) дегенибиз туура.

1. Интеллектуалдык менчикти коргоо Х1Х к. соӊунда пайда болгонуна далилдер:

  • 1883 ж. Өнор жайдагы менчикти коргоодогу Париж Конвенциясы;
  • 1886 ж. Адабий чыгармалардын Берн Конвенциясы;
  • 1994-1999 жж.-дагы эки конвенция КРда юридикалык күчүндө.

Ошондой эле КРсы 1994-ж.дан Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна мүчө. Анын мааниси: дүйнө боюнча интеллектуалдык менчикти коргоого көмөктөшүү.

Дагы атап кетсек: Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна КРсы 1998 ж. кошулган.

Кеп, улуттук мыйзамдардын (соода боюнча) эл аралык стандарттарга жооп беришинде.

Евразиялык экономикалык кызматташтык уюму болсо, адамдык капиталды өнүктүрүүгө өтө керек. ЕАЭКке КРсы 2015 ж.дан мүчө.

2. КРна пайдалуулар

Бул тармактагы “ТРИПС”ти чечмелесек: интеллектуалдык менчикти унификациялашы. Интеллектуалдык менчиктин соода аспектилери боюнча келишим. БДСУ (ВТО) чегинде интеллектуалдык менчикти укуктук негизде коргоо.

“CLIP” болсо: интеллектуалдык менчикти коллизиялык тейлөө, эгерде интеллектуалдык менчикте чет өлкөлүк элемент болсо.

3. Кыргызпатенттин: "КРнын 2017-2021 жж. интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик Программасындагы" бир нече омоктуу сунуштарына кайрылсак:

  • республиканын бирден бир улуттук стратегиясы: КРда инновациялык системаны түзүү, рынок шартында экономикалык блмине өтүү”.
  • КРнын мыйзамдарынын эл аралык стандарттарынын талаптарына жооп беришинде. Бирок, санарип аймагында интеллектуалдык менчикти коргоо мыйзамынын жоктугу; контрофакт менен күрөшүүдөгү көйгөйлөр; *Мамлекет-менчик кызматташтыгынын*(ГЧП) инновациялык өнүгүүдөгү анча эмес ийгиликтери; сотко чейинки талаш-тартыштарды Апелляциялык кеӊеш аркылуу чечүү.

4. Кыскача статистика

КРсы интеллектуалдык менчик боюнча 70-эл аралык келишимдерди тааныган. КРда 18-мыйзам жана 428- ага туташ укуктук актылар кабыл алынган.

5. Автордук укукка кайрылсак

Корголушу: сот улуттук мыйзамдардын негизинде карайт. КРнын Конституциясынын 6-чы беренеси, пункт 3:Эл аралык келишимдерди жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары МЫЙЗАМ менен аныкталат*.

6. Юридикалык маанидеги жаӊылык

Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 127-статьясы “ушактоо”; 128-статьясы “мазактоо”лору алынган.

Бирок, КЖКнын 199-статьясында: контрафакт үчүн айып+эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү бар.

Жарандык кодекстин 11-статьясында: мүлктү жоопкерчилик; зыянды, кирешени, компенсацияны төлөтүү каралган.

Автордон (истец) төмөнкү далилдер талап кылынат:

  • китепте латин (С) тамгасынын сөзсүз болушу;
  • Берн конвенциясынын 6 (бис) беренеси;
  • 50-жылдык коргоо мөөнөтү сакталса;
  • лицензиялык келишими күчүндө.

Азыр, КРнын “Массалык маалымат каражаттары” мыйзамынын (2018 ж.) 27-беренесинде: моралдык зыянды өндүрүү - соттун чечимине ылайык делген.

7. Интернет жана интеллектуалдык менчик

КР Конституциясынын (2016.11.12) 31 беренеси:Ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.

2014 ж. КРда кибер экстремизм делип, Клоп.кжнин серверлерин өчүрүү же блоктоо чаралары жыйынтык берген эмес.

КРнын ММК мыйзамында Интернетте интеллектуалдык менчикти чектөө жок. Себеби, адам укугунун дүйнөлүк сөз эркиндигине тосколдук болот.                                                                                 

* * *

02

Бейшембиев Эсенгул Жумашевич -

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин профессору, юридика илимдеринин доктору.

КРнын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

23.11.2020