Дүйшөмбү, Сентябрь 21, 2020

Матфактын студенттери факультеттин окутуучулар жамаатына ыраазычылык билдиришет

002020-жылдын 20-апрелинде математика жана информатика факультетинин студенттеринин арасында “Мугалим - кылымдан бери келе жаткан эскирбеген кесип” аттуу флешмоб уюштурулду. Иш чаранын жүрүшүндө студенттер карантин учурунда окутуунун жана тарбиялоонун заманбап ыкмаларын, т.а. аралыктан окутуу формасын колдонуп, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшап жаткан окуутуучу-профессорлор курамына өз ыраазычылыктарын билдиришти. 

Флешмобду уюштурууда окуутуучу  Сапарова Айнура жана ПИб-1-16 группасынын студенттери өзгөчө салымдарын кошушту.

Урматтуу Улуттук университеттин окутуучу-профессорлору жана кызматкерлери!

Өз кызматыңыздарды үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды окутууга жана тарбиялоого кошкон зор салымыңыздар үчүн математика жана информатика факультетинин студенттери Сиздерге өз ыраазычылыктарын билдиришет.

Ийгиликтүү окуутуучунун негизги компетенциясы аудиториядан эмес, анын эффективдүү коммуникациялык сапаттарынан көз каранды. Сиздердин азыркы карантин учурунда дал ушул коммуникациалык, б.а. “сөз табыша билүү” сапатыңыздар, билимди жетишээрлик деңгээлде берүүдөгү, студенттерге жеткире билүүдөгү адистик чеберчилигиңиздер бизди кубандырып турат. Маселен, окуу процессинин интернет аркылуу онлайн режиминде, видеосабактар ж.б. башка пайдалуу ыкмалар аркылуу жүрүшү студенттердин билим алуусуна кызыгуу жаратканын көрүп турабыз.

 Урматтуу билим берүү системасынын кызматкерлери !

"Мугалим" - уникалдуу жана ардактуу кесип. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын бирден-бир маанилүү тармагы, билим берүү системасы экенин жакшы билебиз. Билим алууну үзгүлтүккө учуратпай, келечек ээлеринин терең билим алуусуна кошкон зор салымыңыздар, Сиздердин мекенчил экендигиңиздерди далилдеп турат. 

Сиздерге жана жакындарыңызга чың ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык каалайбыз!

Урматтуу кыргыз эли!

“Кыргызстан - биз сени менен!” деген максатта азыркы коронавирус илдетине каршы “Үйдө бол !” чакырыгын эске алып, комменданттык саат жана өзгөчө кырдаал эрежелерин сактап келүүгө чакырабыз.

Жарандык коргонуу - өзгөчө кырдаал убагында коркунучтарга болтурбоону камсыз кылуучу жалпы мамлекеттик иш-чаралар системасы. Биз тартип, биримдик, сабырдуулук жана санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен гана бул илдетти жеңебиз.

Сиздердин ден соолугуңуздар чың болуп, тилеген ой максаттарыңыздар орундалсын!

02

03

04

05

06

08

10

12

16

18

20

22

24

26

30

Бактияр Рахманкулов - тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.-м.и.к., доцент

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 392 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер