Шейшемби, Октябрь 20, 2020

КУУга ТИКАнын жаңы дайындалган программалык координатору келди

Геофактын студенттери Кочкор районундагы лицейдин аймагына бактарды отургузушту

00

2019-жылдын 26-октябрында география, экология жана туризм факультетинин студенттери жана токой чарбасы боюнча Германиядан келген магистрлер физикалык география кафедрасынын башчысы Кендирбаева Алмагүл, ага окутуучу Авазов Сагын жана картография лабораториясынын башчысы Эскенгул уулу Теңдик менен бирге Кочкор районундагы Жаманкул Тойгонбаев атындагы 15-кесиптик-лицейдин аймагына ар түрдүү бактарды отургузушту.

Край таануу жана экология институту 12 миң сомго кара жыгач, гледичья, ак терек, ак чечек, свидина ж.б. бадал, дарактарды Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багынан сатып берип, көчөттөрдү Кочкорго чейин жеткирип, студенттерди алып барып келүүнү, аларды ысык тамак менен түштөндүрүүнү камсыздады.

Эскерте кетсек, сентябрь айынын ортосунда факультеттин 2008-жылкы бүтүрүүчүсү Бердигулов Улан Кочкор районундагы 15-кесиптик лицейге директор болуп дайындалып, окуу жайдын айланасында бак-дарак аз экенин айтты. Студенттер ал жакка эрте жазда дарак отургузалы деп, геоботаник Кендирбаева Алмагүл эжеден кайсы дарактарды отургузса, өсүп кетээри тууралуу кеңеш сурашты. Алмагул эже жазды күтпөй эле, азыр отургузса болоорун айтып, дарак көчөттөрүн алып берүүгө жана Кочкорго чейин жеткирип, барып келүү үчүн унаа менен камсыз кылууга край таануу жана экология институтунун жетекчиси Жамиля Мурзабекова жардам берээрин айтты. Көчөттөрдү машинаге жүктөгөнгө факультеттин 3-курс студенттери: Тургунов Азиз, Болтабаев Нурбек, Аскат уулу Дастан жана Рашид уулу Нурисламдар жардам беришти.

Жамиля эже Край таануу жана экология институтунда практика өтүп жаткан Токой экосистемасынын эл аралык менеджменти боюнча окуп жаткан студент Петер Геринг жана Дрезден техикалык университетинин магистри Тобиас Новаковски көмөк көрсөтөөрүн айтты.

Катышуучулар: Майрамбекова Эльвира, Маликова Тахмина, Карыбекова Элвира, Сыргакова Линара, Шитагубова Катя, Иличбекова Салима, Султанмурат кызы Гулкайыр, Алымкул кызы Зейнеп, Үсөнбекова Элиба жана Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин 2-курс студенттери: Ибрашев Баястан, Шаршенова Назгуль. Мурзакулов Нуман.

01

02

04

06

Майрамбек уулу Касиет - тарбия иштери боюнча декандын орун басары

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 871 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Азиз 16.08.2020 23:39
    Здравствуйте! Можно ли поступить к вам на магистратуру? Можно ли это сделать онлайн и как? Я закончил ...

    Подробнее...

     
  • Роза 15.08.2020 11:02
    Саламатсыздарбы менин балам сиздердин окуу жайга тапшырды информатика и инновация технологии деди ...

    Подробнее...

     
  • Abdylda 29.07.2020 00:56
    Юфакультеттерди н ичинде максатту оорун дегенди тушундуруп береспи

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Акылбек 19.08.2020 19:18
    Саламатсызбы? 2020-2021 окуу жылы кандай турдо болот?

    Подробнее...

     
  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алтынбек 24.08.2020 15:50
    Здравствуйте. Как можно восстановиться? Если все корпусы закрыты?

    Подробнее...

     
  • Жанара 20.08.2020 18:13
    Можно ли забрать диплом другому человеку?

    Подробнее...

     
  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары