Шаршемби, Август 12, 2020

Журналистика факультетинин жетекчилиги 1-курс студенттери менен жолугушту

0

2019-жылдын 2-сентябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында журналистика факультетинин жетекчилиги менен 1-курс студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга “5-каналдын” башкы директору Эрнис Кыязов, “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору Дыйканбек Керимбаев, кафедра башчылары менен окутуучулары катышты. Иш чараны факультет деканы Айна Дүйшекеева ачып, студенттерди келген меймандар, кафедра башчылары, окутуучулар менен тааныштырды жана жыйындын катышуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, иштерине, окууларына ийгиликтерди каалады.

Факультеттин бүтүрүүчүсү, Белгилүү тележурналист Эрнис Кыязов окуу жайдын босогосун жаңыдан аттаган студенттерге кеп-кеңешин, каалоо-тилектерин билдирип, журналисттик кесиптин сырларын ачып, каалоочуларды өзү жетектеген каналдан практикадан өтүүгө, кесипкөйлүккө үйрөнүүгө чакырды.

Факультеттин бүтүрүүчүсү, "Эркин-Тоо" гезитинин баш редактору Дыйканбек Керимбаев журналистиканын азыркы замандагы орду жана мааниси жөнүндө ой-бөлүшүп, студенттер менен октуучуларды жаны окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Кафедра башчылары студенттерди терең билим алууга чакырып, келечекте мыкты, кесипкөй журналист болууга үндөштү.

Иш-чаранын соңунда жолугушуунун катышуучулары Жусуп Баласагындын эстелигинин алдында жалпы сүрөткө түшүп, кураторлору менен таанышуу үчүн дарсканаларга тарашты.

Журналистика факультетинин студенттери жана окутуучулары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жалпы жамаатын Билим күнү менен куттуктап, ишиңиздерде ийгилик, окууларда жетишкендиктер болушун каалайт!  

02

06

04

08

10

11

12

14

16

18

20

22

24

26

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 481 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 25.06.2020 02:55
    Андай факультет жок, бирок юридика факультетинде "Таможенное дело" деген адистик бар. Өтүү баллы ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 22.06.2020 14:51
    Эгер дипломуңуз бар болсо, анда экинчи жогорку билим алууга тапшырсаныз болот. 1) Магистратурага ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 16.06.2020 08:47
    1) НЕгизги тест жетиштүү, бирок математикадан кошумча тест болсо - ашыкча болбойт. Абитуриент катары ...

    Подробнее...

Студенттердин ?-лору

  • Базарбек 22.06.2020 23:50
    Мен 2-курста мобильный студент программа боюнча Ошмуга 1 семестр окуп келдим. Бирок кнудагы отпой ...

    Подробнее...

     
  • жоомарт 22.06.2020 13:28
    мен 5 сабактан отпой калдым башка универге которулсам болову

    Подробнее...

     
  • Адина 21.06.2020 13:56
    Саламатсызбы? Менин иним эконофактын 1чи курсун бутуп жатат. Биринчи семестрде баалары жакшы ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Алмазбек 21.06.2020 14:12
    Саламатсызбы, архвтик справка кантип алсак болот ушул жерде окуп бүткөн деген. Пенсияны документ ...

    Подробнее...

     
  • Алима 19.06.2020 12:17
    Здравствуйте!Ес ли не защитила диплом в этом году, можно пересдать осенью? И что для этого надо ?

    Подробнее...

     
  • Дмитрий 15.06.2020 02:48
    Добрый день! Подскажите пожалуйста, как можно восстановить диплом выпускника?Дипл ом сгорел при пожаре.

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Башка ЖОЖдордун маалымат каттары жана кулактандыруулары