Среда, Августа 21, 2019

Математиктердин 33 жылдан кийинки жолугушуусу...

02019-жылдын 27-июлунда башкы имараттагы чоң жыйындар залында азыркы Улуттук университет, мурдагы "СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин" механика-математика факультетинин 1986-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга  Жогорку Кеңештин депутаты, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы, бүтүрүүчүлөрдүн курсташы Гүлкан Молдобекова, Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, УИАнын математика институтунун директору, бүтүрүүчүлөрдүн окутуучусу Алтай Бөрүбаев жана 50дөн ашуун бүтүрүүчүлөр катышты.

Жолугушууну окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров ачып, бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Улуттук илимдер академиясынын математика институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, УИАнын академиги, бүтүрүүчүлөрдүн окутуучусу Алтай Бөрүбаев "атайын демилге көтөрүп, чогулуп, пикир алмашалы деп чогулгандыгы үчүн" 33 жыл мурдагы студенттерине ыраазычылык билдирип, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады жана Кыргызстандагы илим, билим тармагын өнүктүрүү боюнча айрым пикирлери менен бөлүштү.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова "ушул жерден билим алып, өлкөбүздүн эл чарбасынын ар кандай тармактарында иштеп жаткан курсташтары, аларга сабак берген окутуучулары менен сыймыктанаарын" айтып, билим берүү жаатында үзүрлүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөргө өзү жетектеген комитеттин атынан ыраазычылык каттарын тапшырды.

Улуттук университеттин 1986-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө ушундай эле сыйлыктар Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков жана КУУнун окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров тарабынан да тапшырылды.

Физика-математика илимдеринин доктору Керим Бараталиев 1986-жылкы студенттерине кайрылып, "ал кездеги студенттер окууга болгон мамилеси, жүрүм-туруму жагынан башкача болгондугун" белгиледи.

Иш чаранын соңунда бүтүрүүчүлөр чыгып сүйлөп, уюштуруу тобунун атынан жыйындын төрүндө отурган агайларына жана чакырылган конокторго чакан белектерин тапшырышты жана Мекен үчүн талыкпай иштей беришээрин билдиришти.

02

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

36

38

40

42

44

46

48

50

52

54

56

58

59

60

62

64

66

68

70

72

74

76

78

80

82

84

86

88

90

91

92

93

97 01 

94

95

96

97 02 

97 03

97 04

97 05

97 06

98

press knu 2019 00