Пятница, Августа 23, 2019
kg_m RU

КУУнун ректору Лоян педуниверситетинин делегациясын кабыл алды

Математиктердин 33 жылдан кийинки жолугушуусу...

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

Проректор Садык Алахан Түрк Кеңештин Генералдык Ассамблеясынын IV сессиясына катышып келди

0

Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан (Тиллебаев) 22-25-апрель күндөрү Казакстанда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин университеттеринин союзунун (Түрк Кеңештин) Генералдык ассамблеясынын IV сессиясына катышып келди. Алгачкы күнү Түрк кеңештин жаш лидерлеринин II форумунун фестивалы жана университеттердин жетекчилери үчүн уюштурулган маданий программа болду.

Экинчи күнү С.Алахан Түрк кеңештин Генералдык ассамблеясынын IV сессиясын уюштурган Кожо Акмат Жассави атындагы казак-түрк эл аралык университетинин ректорлору профессор Болатбек Серикбаевич Абдрасилов жана профессор Ченгиз Томар менен жолугушту. Ал эми сессиянын жүрүшүндө проф. Садык Алахан кеңири сөз сүйлөп, күн тартибиндеги “Түрк мамлекеттеринин тарыхы” деп аталган бирдиктүү окуу китебин даярдоо, Түрк кеңештин мүчөлөрү болгон университеттердин бүтүрүүчүлөрүн түрк тилдүү мамлекеттерде ишке орношууларынын жеңилдетилген механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жогорку билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана көзөмөлдөө боюнча көзкарандысыз жалпы түрк аккредитациялык агенттигин түзүү, университеттерде окумуштуулар жана студенттер үчүн илимий изилдөө Фондун түзүү, студенттерди өз ара алмаштыруу боюнча “Орхун” программасын жакшыртуу тууралуу өз оюн, сынчыл маанайдагы каалоо-тилектерин, пикирлерин ортого салды. Проф. С.Алахандын “Орхун” программасынын алкагында студенттерди түркология, эл аралык мамилелер, журналистика, педагогика адистиктери боюнча гана эмес химия, биология адистиктери боюнча да өз ара алмаштыруу жөнүндөгү сунушу колдоого алынды.

Андан соң Түрк кеңештин  Генералдык ассамблеясынын IV сессиясы Түркиянын Гази, Кападокия, Омер Халисдемир атындагы Нигде, Венгриянын белгилүү Сигед жана Өзбекстандын Алишер Навои атындагы өзбек тили жана адабияты университеттеринин ректорлорунун өз окуу жайлары тууралуу презентацияларын (кеңири тааныштырууларын) көрүштү жана Түрк кенешке мүчөлүккө кабыл алышты.

Ошону менен бирге Түрк кеңештин  Генералдык ассамблеясынын IV сессиясынын катышуучулары тарыхый эстеликтер менен да таанышышты.

Жыйынга катышууга байланышкан чыгымдар Түрк кеңеши тарабынан каржыланды.

02

04

05

06

07

08

09

12

14

15

16

17

18

50

51

52

20

28

* * *

Жогорудагы иш-чараларга о.э. КУУнун студенттер кеңешинин президенти Асанбеков Атайбек да катышып келди. Түрк Кеңештин Генералдык ассамблеясынын IV сессиясынын алкагында Түрк университеттери союзунун алдындагы Студенттер кеңешинин жалпы жыйыны болуп, Түрк университеттеринин орду, өнүгүшү, студенттердин алмашуу программаларын жакшыртуу ж.б. ар кандай маселелер көтөрүлүп, аларды чечүүнүн жана жакшыртуунун жолдору талкууланды. 

80

82

84

press knu 2019 00

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 310 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер