Пятница, Августа 23, 2019
kg_m RU

КУУнун ректору Лоян педуниверситетинин делегациясын кабыл алды

Математиктердин 33 жылдан кийинки жолугушуусу...

Видео жаңылыктар (Баласагын ТВ + Басма сөз кызматы)

Журфактын студенттери XVII Бүткүл россиялык жарнама фестивалынан олжолуу кайтышты

0

Журналистика факультетинин студенттери 2019-жылдын 15-20-апрель күндөрү Красноярск шаарындагы академик М.Ф.Решетнев атындагы Сибирь мамлекеттик илим жана технология университетинде (СибГУ) болуп өткөн XVII Бүткүл россиялык жарнама жана коомчулук менен байланыш фестивалынын алкагында болуп өткөн «Енисейдеги жарнама жана коомчулук менен байланыш жумалыгына» («Ярпиар-2019»)  катышып, жакшы ийгиликтер менен кайтышты.

Фестивалга Москва, Санкт-Петербург, Иркутск, Кемерово, Ижевск, Абакан, Новосибирск, Томск, Барнаул, Якутск ж.б. шаарларынан келген 19 студенттик команда менен катар Ж.Баласагын атындагы КУУнун «Жарнама жана коомчулук менен байланыш» кафедрасынын башчысы Б.Максутова менен доценти Р.Токсоналиева жетектеп, курамына аталган багытта окуган студенттер Олжобай уулу Амангелди (4-курс), Суванкулов Баяман (3-курс), Туманбеков Руслан (2-курс), Алиев Исмаил (2-курс), Рахимов Умаржан (2-курс) кирген «НацPRодукт» командасы да катышты. 

15 апрелде СибГУнун ректорунун м.а. Эдхам Акбулатов Кыргыз улуттук университетининокутуучуларын кабыл алып, ага КУУнун ректору Канат Садыковдун каты тапшырылды.

Ушул эле күнү кыргыз делегациясын социалдык инжиринг институтунун директору Светлана Пискорская жылуу тосуп алып, жолугушууда аталган факультет менен кызматташуу талкууланды.

Фестивалдын алкагында «Жарнама жана PR: инновация жана каада-салт» аталышындагы илимий-практикалык конференция, олимпиада, социалдык тармактардагы коммуникация, компаниянын ребрендинги, кейстерди жактоо жана аймактык брендинг боюнча конкурстар болуп, Россиядагы жарнама жана PR жаатындагы белгилүү адистер мастер-класс өтүштү.

«НацPRодукт» командасы аталган фестивалда төмөндөгү ийгиликтерге жетишти:

  • «Жарнама жана PR: инновация жана каада-салт» илимий-практикалык конференциясында Рахимов Умаржан II даражадагы диплом менен сыйланды;
  • Сибирь компаниясын кейсин чечүү боюнча команда III даражадагы диплом менен сыйланды;
  • «Мерседес-Бенцтин» расмий дилери «Ориондун» кейсин чечүү боюнча команда III даражадагы диплом менен сыйланды;
  • «Ярхлеб» компаниясынын кейсин чечүү боюнча команда II даражадагы диплом менен сыйланды;
  • Видеопрезентация конкурсу боюнча «НацPRодукт»  командасы конкурстун жеңичүүсү катары диплом менен сыйланды.

«НацPRодукт» фестивалдын программасынын алкагындагы конкурстарга эле катышпастан, иш чаранын ачылышында жана жабылышында музыкалык номерлерди тартуулап, өз таланттарын көрсөтүштү. Мисалы, Туманбеков Руслан «Маш ботойду» комуз менен чертип берсе, Суванкулов Баяман менен Туманбеков Руслан кыргыз тилинде ыр ырдап, орусиялык студенттердин дүркүрөгөн кол чабууларына татыктуу болушту.

Красноярск шаарына болгон иш сапардын алкагында команданын жетекчилери о.э. Сибирь федералдык университетине барышып, анын Шанхай уюму жана Азия-Тынч океан аймагы менен кызматташуу борборунун директору Андрей Ужва жана эл аралык байланыштар башкармасынын сектор башчысы Михаил Лузянин менен жолугушуп, университеттин журналистика факультетинин окуу-өндүрүштүк лабораториясы менен таанышып чыгышты жана журналистика жана адабиятка киришүү кафедрасынын башчысы Кирилл Анисимов менен кызматташуу тууралуу маек курушту.

logo yt Журфактын студенттери Россиядагы жарнама фестивалында 

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

38

40

42

Бегайым Максутова«Жарнама жана коомчулук менен байланыш» кафедрасынын башчысы

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 337 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер