Воскресенье, Мая 26, 2019
kg_m RU

КУУда аймактарды өнүктүрүүнүн келечегине арналган ИПК болуп өттү

Улуттук университетте "ИнтерБилим" маалыматтык-ресуртук залы ачылды

Баласагын ТВ - Жаңылыктар

Матфактын студенттери Алма-Ата шаарына барып келишти

00

2019-жылдын 20-21-апрель күндөрү математика жана информатика факультетинин 50 активист студенттери тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бактияр Рахманкуловдун жетекчилиги астында Алма-Ата шаарына барып, эс алып келишти. Алар шаардын кооздугун, тазалыгын көрүшүп, борборубуз Бишкектин мындан аркы өсүп-өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууга дайым даяр экендигин билдиришти.

Студенттер "Президенттик паркта" эрте мененки ден соолукту чыңдоо үчүн жасалган көнүгүүлөргө катышып, Эл аралык инвестициялык технологиялар университетинин "электрондук журналистика" факультетинин студенттери менен биргеликте достук темасында маек курушту.

Кийинки сапар 33 кабаттан бийик, хайтек түрүндө курулуп, тоолордун элесин чагылдырган айнектүү үйлөр районунда жайгашкан "Нурлуу Тоо" бизнес борборуна болду.

Алматы метрополитени да студенттерди  таң калтырбай койгон жок.

1934-жылы пайдаланууга берилген М.Горький атындагы эс алуу паркы жергиликтүү жашоочулардын көптүгү менен башка эс алуу парктарынан айырмаланып турду.

Дүйнөнүн бардык жеринде жашаган жаныбарлар, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана экзотикалык куштар кармалган, аянты 21 гектар болгон зоопарктагы айлана-чөйрөнүн тазалыгы - көрүүчүлөрдүн маданияттуулугун билдирип турат.

Андан кийинки саякат кечки шаарды көрүү максатында деңиз деңгээлинен 1727 м бийиктикте турган "Көк-Тебе" панорамасына болду. Бийиктиги 327 м болгон "Алматы" телемунарасы жана узундугу болжол менен 1800 м болгон аркан жол (фуниклёр) студенттердин шаарга болгон кызыгуусун күчөттү.

Шаарды автотыгындан арылтуу максатында курулган чоң-чоң эстакада жол түйүндөрү жана ар бир светофордо коюулган камералар ар кандай жол кырсыктарынын кескин түрдө азайышына алып келгери эч кандай күмөн санатпайт.

Саякат учурунда Кыргызстандын туусу дайыма желбиреп турду.

Жыйынтыгында, факультет студенттери Алма-Ата шаарынын кооздугун, тазалыгын көрүшүп, борборубуз Бишкектин мындан аркы өсүп-өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууга дайым даяр экендигин билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты студенттердин бош убактысын маданий эс алуу үчүн туура колдонуу менен гана чектелбестен, кошуна өлкөдө болуп жаткан өсүп-өнүгүүнү көрүп, шаарыбыз Бишкектин өркүндөшүнө өз салымдарын кошуу болчу.

02

04

06

08

12

14

16

Азамат Шамов - факультеттин студенттик сенаттын маалымат координатору

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 334 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер