Четверг, Мая 23, 2019
kg_m RU

КУУда аймактарды өнүктүрүүнүн келечегине арналган ИПК болуп өттү

Улуттук университетте "ИнтерБилим" маалыматтык-ресуртук залы ачылды

Баласагын ТВ - Жаңылыктар

Журфакка жазгы жаркын маанай тартуулаган Роза Айтматова…

00

2019-жылдын 7-март күнү 8-март - "Аялдардын эл аралык күнүн" утурлай журналистика факультетинин студенттери менен профессор Роза Төрөкуловна Айтматованын жолугушуусу болду. Мезгилдүү басма сөз кафедрасы тарабынан уюштурулган иш чараны факультет деканы Айна Дүйшекеева ачып, Айтматовдордун үй-бүлөсүндөгү төрт баланын белгилүү инсандар катары калыптануусунда алардын апасы Нагима Хамзиевнанын салымы зор экендигин баса белгиледи.

Башкы имараттагы кичи жыйындар залында өткөн жолугушууда Роза Төрөкүловна "Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образы» деген тема боюнча баяндама жасап, белгилүү жазуучунун чыгармаларындагы башкы каармандардын прототиптери өздөрүнүн эле айылдаштары экендиги, «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонай апанын, «Биринчи мугалим» повестиндеги Алтынайдын кийинки тагдырлары тууралуу кызыктуу маалыматтарды, окуяларды айтып берди. Ал эми студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, Ч.Айтматовдун бала кезиндеги көпчүлүк билбеген, анын чыгармачыл инсан катары калыптануусуна түрткү берген кызыктуу окуялардан кеп салды.

Жыйында басма сөз кафедрасынын профессору, белгилуу жазуучу, публицист, журналист Абдиламит Матисаков, кафедранын ага окутуучусу, акын Айбек Түмөнбаев сөз сүйлөп, Роза Төрөкуловнанын аялдардын укугун коргоодогу ишмердигин баса белгилеп, эжени эртеңки майрамы менен кызуу куттукташты.

Жолугушуу студенттердин жандуу ыр-күүлөрү менен коштолду.

Мезгилдүү басма сөз кафедрасынын башчысы Нуржан Джумагазиева Роза Айтматовага ректордун ыраазычылык катын тапшырган соң, жолугушуунун кадырлуу коногу өзүнүн «Тарыхтын актай барактары» жана «Человек жив до тех пор, пока о нём помнят люди…» аттуу китептерине кол тамга калтырып, аялзатынын эртеңки майрамына карата жылуу каалоо-тилектерин билдирди.

Жолугушуу болочок журналисттерге терең таасир калтыргандыгына студенттердин берген суроолору менен ынтаа коюп угуп отуруусу далил. 

P.S.

Журналистика факультетинин жалпы жамааты Роза Айтматованы 8-март майрамы жана туулган күнү менен чын-дилден куттуктап, алтындай убактысын арнап, кызыктуу ангеме куруп бергендиги учун терең ыраазычылык билдирет!

01

02

03

04

05

06

07

08

09

10

11

12

13

14

15

press knu 2019 00

Айжан Жапаркулова - факультеттин жетектөөчү адиси

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 634 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер